Аяз Баетов: Санариптештирүү -мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатат

26-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 286

Өлкөдө мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоо, бюрократияны азайтуу жана кызматтарды санариптештирүү боюнча масштабдуу реформалар жүрүп жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, “Электрондук билерик Аяз Баетов менен маектешип, юстиция тармагындагы жаңылануулар, “Электрондук нотариат”, бюрократияны кыскартуу, бизнес чөйрөсүн жеңилдетүү жана жарандар үчүн түзүлүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу баарлаштык.

– Аяз Батыркулович, сөздү өзүңүз жетектеп жаткан Юстиция министрлигинин негизги миссиясынан баштасак. Министрлик мамлекеттин жана жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн кандай негизги иштерди аткарат?

– Юстиция министрлигинин негизги милдеттеринин бири – укуктук экспертиза жүргүзүү. Мамлекет тарабынан кандай гана чечим кабыл алынбасын, анын мыйзамга шайкештиги, туура жазылышы жана техникалык жактан укуктук талаптарга каршы келбеши биздин көзөмөлдөн өтөт. Башкача айтканда, ар бир документке укуктук баа берип, мыйзамдуулукту камсыздайбыз.

Учурда “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында аткаруу бийлигинин жетекчилери жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык форматтагы жолугушууларды өткөрүп жатышат. Бул багытта сиздер кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

– “Ачык кабинет” долбоору чындап эле маанилүү демилге болду. Анткени, бул эл менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Биз жүргүзүп жаткан реформаларды элге ачык айтып, түшүндүрүп берүү үчүн да абдан пайдалуу аянтча болуп жатат.

Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен облус жетекчилери, шаар мэрлери жер-жерлерде эл менен түз жолугушууларды уюштуруп жатышат. Анда жарандар көйгөйлөрүн, сунуштарын түз айтып, жетекчилик менен бетме-бет сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алууда. Бул кайрылууларды кат аркылуу жөнөтүүгө караганда кыйла натыйжалуу да. Жетекчилик бизге ар дайым эл менен ачык иш алып барууну, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу түшүнүктүү жана жеткиликтүү маалымат берүүнү тапшырат. Ошол себептен биз маалыматтарды текст, видео жана башка форматтар аркылуу элге жеткирүүгө аракет кылып келебиз. Мындай ачыктык менен катар жоопкерчилик дагы биздин иште негизги орунда турат.

Өлкөдө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча чоң иштер жүрүп жатат. Бул багыттагы реформалар бүгүн кайсы этапка жетти?

– Санариптештирүү бир гана министрликтин эмес, мамлекеттик деңгээлдеги ири реформа. Өлкөнүн улуттук стратегиялык программаларында дагы бул багыт биринчи орундардын биринде турат. Себеби, санариптештирүү мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатат. Бул багытта Президенттик Администрациядагы тиешелүү бөлүмдөр жана Юстиция министрлиги биргеликте иш алып баруудабыз. Реформанын жүрүшүндө биз көп маселелерди аныктадык. Мисалы, мурда ишеним каттар кагаз түрүндө берилип, анын айынан көптөгөн жарандар соттошуп жүрүшчү. Айрым учурларда документтер арткы күндөр менен катталып же бирөөнүн колу менен эле даярдалып калган фактылар болгон. Азыр болсо келишимдер, мурас документтери жана башка нотариалдык аракеттер видео көзөмөл, биометрикалык маалыматтар аркылуу катталып жатат. Мунун баары электрондук системага киргизилди. Бул талаш-тартыштарды азайтып, жарандар үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.

“Электрондук нотариат” кызматы кандай корголгон? Маалыматтардын коопсуздугу кантип камсыздалат?

– Бул кызматты ишке киргизүүдө биз көптөгөн жасалма жана жоголгон документтерге туш болдук. Кагаз түрүндөгү архивдерди жоготуп алуу коркунучу өтө жогору болчу. Азыр ар бир нотариалдык документ атайын АИС архив системасына катталат. Эки жыл мурун ЖЧКларды онлайн каттоо реформасын баштаганбыз. Натыйжасы жакшы болду.

Бүгүнкү күндө бардык документтер электрондук архивде сакталат. Эгер кагаз түрүндөгү нускасы жоголсо дагы, анын электрондук көчүрмөсү системада калат. Бул документтердин жоголуп кетүү коркунучун азайтат.

Мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу багытында кайсы көйгөйлөр эң курч болду?

– Бюрократиядан арылтуу боюнча тапшырмалар берилгенде, биз бир нече сунуштарды даярдаганбыз. Алардын бири – санариптештирүү эле. Бул эки багыт бири-бири менен тыгыз байланышта. Албетте, реформаларга каршылыктар дагы болду. Кээде жөнөкөй эле өзгөрүүгө да каршы чыккандарды көрдүк. Бирок, каршылык канчалык көп болсо, реформанын зарылдыгы ошончолук билинет экен.

Мисалы, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майыптыгы бар жарандар бар. Мурда алар жыл сайын өзүлөрүнүн майыптыгын аныктоо үчүн медициналык комиссиядан өтүп, документтерди жарым жылдап чогултушчу. Кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек

Алешовичтин тапшырмасы менен майыптыкты кайра тастыктоо мөөнөтү 2 жылдан 4–7 жылга чейин узартылды. Башында бул чечимге дагы каршылыктар болду. Бирок ишке ашкандан кийин жарандардан да, медицина кызматкерлеринен да жакшы пикирлер түштү. Бул дагы бюрократияны азайтуунун бир мисалы.

“Электрондук билериктер” долбоору тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Ал кимдерге колдонулат?

– “Электрондук билериктер” үч категориядагы адамдарга колдонулат. Биринчи кезекте, 2024-жылдын май айынан тарта Пробация департаменти тарабынан пробациялык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга тагыла баштаган. Натыйжасы жакшы болгондон кийин оор эмес кылмыштарга шектелген жарандарга дагы колдонулууда. Мындай учурда адам тергөө абагына камалбай, үй-бүлөсүнүн жанында болот. Бирок, анын кыймыл-аракети GPS жана Face ID аркылуу көзөмөлдөнүп турат. Жакында эле бул система үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча дагы колдонула баштады. Биздин кызматкерлер күнү-түнү мониторинг жүргүзүшөт. Эгер билерик чечилсе же бузулса, дароо сигнал түшөт. Андай учурда тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул система Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Жогорку сот жана Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Реформалардын алкагында бизнес чөйрөсүнөн кандай сунуштар түшүүдө?

– Бюрократия бизнеске дагы чоң тоскоолдук жаратат. Ошондуктан, бул багытта Президенттик Администрация жана Экономика министрлиги менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Мисалы, биз лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер боюнча системаны кайра карап чыктык. Айрым документтер жөн эле формалдуулук үчүн талап кылынарын көрдүк. Улуттук статистика комитетиндеги статистикалык формалардын санын 45 пайызга кыскарттык. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин көбү 50 жылдан бери өзгөрбөй келген экен. Ишкерлердин сунуштарынын негизинде алар дагы жаңыланды.

Азыр жарандар көбүнчө кайсы маселелер боюнча кайрылышат?

– Көбүнчө алимент, мурас жана мүлк талаштары боюнча кайрылуулар көп түшөт. Бул маселелер көбүнчө туугандардын ортосундагы талаштар болгондуктан, өтө татаал. Ошентсе да юридикалык жардам берүү кызматы бул багытта мурдагыга караганда жакшыраак иш алып барып жатат. Жарандар акыркы үмүт катары бизге кайрылып жатканын көрүп жатабыз.

Мамлекеттик нотариустардын санын кыскартуунун негизги максаты эмне болду?

– Реформа заман талабы. Көп өлкөлөрдө мамлекеттик нотариус деген түшүнүк дээрлик жок. Мисалы, Алматыда же Ташкентте мамлекеттик нотариустар иштебейт. Бизде болсо бул система узак убакыттан бери сакталып келген. Тилекке каршы, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр, жасалма документтер, узун кезектер жана тейлөөнүн сапаты боюнча көйгөйлөр болгон. Ошондуктан, биз мамлекеттик монополияны жоюп, жеке нотариустардын ишин өнүктүрүү жолуна өттүк. Мамлекеттик нотариустар жеке кызмат көрсөтүү жок аймактарда гана болушу керек.

Жеке нотариалдык кызматтардын баасы кымбаттап кетпейби?

– Биз мүмкүн болушунча бааларды төмөндөтүүгө аракет кылдык. Мындан тышкары, азыр жарандар нотариуска барып кезек күтпөй эле көп кызматтарды телефон аркылуу ала алышат. “Электрондук нотариат” кызматынын баасы кадимки тейлөөдөн кымбат болбойт, айрым учурда андан да арзан болушу мүмкүн.

Эң негизгиси, электрондук документтерди өзгөртүү же жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Мурда “мен кол койгон эмесмин” деген талаштар көп чыкчу. Азыр болсо бардык төлөмдөр жана документтер электрондук система аркылуу жүргүзүлүп, коопсуздук толук камсыздалууда.

Маектешкен  Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X