Аю Grand соода борборунун тегереги тартипке келтирилет

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевтин тапшырмасы менен Исакеев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда тартипке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Ишкананын директору Бакай Асылбек уулу жеринде текшерүү жүргүзүп, уруксат берилбеген жерлерге токтогон унааларга протоколдор түзүлдү. Ошондой эле көптөн бери кыймылсыз турган айрым унаалар айып короого жеткирилди.

Буга чейин бул жай коноктор үчүн колдонулуп келген. Эми аймак муниципалдык унаа токтотмо жайы катары пайдаланылат. Ал 100 унаага ылайыкталып, күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин акы төлөнгөн негизде иштейт.

Мекеменин кызматкерлери күн сайын нөөмөттө болуп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мындан ары мамлекеттик каттоо номери жок унааларды токтотууга жол берилбейт. Эрежени бузгандарга мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X