Азамат Советбек уулу, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын директору: Ош шаары жаңы скверлер менен көркүнө чыгууда

Ош шаары акыркы жылдары жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл буруп келет. Натыйжада шаардын көчөлөрү, парктары, скверлери жана аллеялары жаңыланып, жашоочулар үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мурда башка максатта иштетилип келген бул жайларга бүгүнкү күндө гүл өстүрүлүп, бак-дарактар отургузулуп, заманбап эс алуу жайларына айланууда.

Быйыл шаар аймагына 10 миңге жакын дарак, 50 миң түп роза жана 637 миң даана гүлдөр отургузулду. Мындан тышкары көп кабаттуу турак жайлар жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларынын суроо-талабын эске алуу менен 10 жаңы сквер курулуп, пайдаланууга берилди. Бул скверлерде жашыл зоналар түзүлүп, отургучтар орнотулуп, заманбап сугат системасы киргизилди.

Шаарды көрктөндүрүү менен катар бул тармактагы техникалык мүмкүнчүлүктөр да жакшыртылып, жаңы техникалар сатылып алынып, мекеменин материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Бул өз кезегинде жашыл аймактарды тейлөө, көчөлөрдү тазалоо жана шаарды көрктөндүрүү иштеринин сапатын жогорулатууга шарт түзүүдө.
Ош шаарындагы Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты шаардагы парк, сквер жана аллеяларды тейлеп гана тим болбостон, ирригациялык түйүндөрдү тазалоо, көчөлөрдү жана коомдук жайларды күтүү иштерин да жүргүзүп келет. Аткарылып жаткан иштер, жаңы долбоорлор жана алдыдагы пландар тууралуу мекеменин директору Азамат Советбек уулу менен маектештик.

Азамат Советбекович, ишканаңыздарда жумушчуларга жакшы шарт түзүлүп жатыптыр. Ошону менен катар жакында эле шаардын аймагында 10 сквердин ачылышы болду. Мындай иштерди көрүп биз да кубандык…
— Биздин мурдагы административдик имарат эскирип, авариялык абалга келип калган эле. 2025-жылдын ноябрь айында башталган оңдоп-түзөө иштери беш айдын ичинде толугу менен аяктап, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлдү. Имаратта заманбап жыйындар залы, ашкана жана жумушчулар эс ала турган атайын бөлмөлөр уюштурулду. Ошондой эле мекеменин аймагы кеңейтилип, техникаларды жайгаштыруучу бокстар курулду.

Бизде 50гө жакын айдоочу эмгектенет. Алардын жумуштан кийин жуунуп-тазалануусуна да шарттар жакшырып, жалпысынан Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен мекеменин ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Учурда ишканада 405 кызматкер эмгектенет.

Ишканабыз шаардагы парк, сквер жана аллеяларды кошкондо жүзгө жакын объектти тейлеп, анын аянты 120 гектарга жакын аймакты түзөт. Жашылдандыруу иштеринен тышкары шаардагы 50 чакырымга жакын ирригациялык арыктарды тазалоо жана көзөмөлдөө милдети да биздин кызматкерлерге жүктөлгөн. Алар парк жана скверлердеги чөптөрдү чаап, гүлдөрдү отургузуп, аймактардын тазалыгын камсыздап турушат. Кыш мезгилинде да парк жана скверлерди кардан тазалоо иштерин жүргүзүп, шаардын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алымбек Датка жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн тазалыгы да жылдын төрт мезгили бою биздин кызматкерлердин көзөмөлүндө. 

Скверлерди куруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү милдети сиздерге кандайча жүктөлүп калды?
— 2025-жылы Нурматов жана Алымбек Датка көчөлөрүндөгү эски клуб бузулгандан кийин анын орду бош калган эле. Ал аймактын жашылдандыруу жана инфраструктурасын жакшыртуу иштерин жүргүзүү милдетин шаардык мэрия биздин мекемеге тапшырган. Ал жактагы инфраструктуралык иштердин баарын ишканабыз өз каражатынын эсебинен аткарып, аймакты тегиздеп, таман таш төшөп, отургучтарды жана таштанды урналарын орноттук. Ошондой эле сугат системасын мекеменин инженерлери өз күчү менен жасап, жалпысынан бул долбоорго 1 млн 300 миң сомго жакын каражат жумшалды.   Ал жактагы ишканабыздын иш-аракеттери шаар жетекчилиги жана тургундар тарабынан жогору бааланып, натыйжада быйыл шаардагы 10 сквердин инфраструктурасын жаңылоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү тапшырмасы бизге берилген.

Бүгүнкү күндө жаңыланган скверлердин басымдуу бөлүгү көп кабаттуу үйлөрдүн аймагында жайгашкан. Буга чейин бул конуштарда жашоочулар үчүн эс алуучу жашыл зона дээрлик жок болгондуктан, шаардыктар алыс турган парктарга барууга аргасыз болушчу. Бул иштер 100 күндүк пландын негизинде жүргүзүлүп, 10-июнда шаардагы 10 сквердин расмий ачылышын өткөрдүк. Жаңы эс алуу жайлары шаар тургундары тарабынан жылуу кабыл алынып, көпчүлүктүн ыраазычылыгын жаратты. Долбоордун дагы бир артыкчылыгы — анын экономикалык жактан үнөмдүү ишке ашырылгандыгы болду. Себеби, скверлерге керектелген газон, гүл жана көчөттөрдүн басымдуу бөлүгү биздин ишкананын өзүндө өстүрүлөт. Ошондой эле жерди тегиздөө, жашылдандыруу жана сугат системаларын орнотуу иштерин да биздин адистер аткарып, сырттан болгону таман таш, отургуч жана таштанды урналары гана сатылып алынды.

Скверлерде эс алуучулардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу канчалык деңгээлде эске алынууда?
— Биз куруп жаткан скверлерде чоң аттракциондор же коопсуздукка коркунуч жарата турган объекттер каралган эмес. Негизги көңүл жарандардын эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө бурулууда. Ал жактарда таман таш төшөлүп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, заманбап сугат системалары орнотулууда. Ошондой эле көп жылдан бери өсүп турган дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр отургузулууда.

Ал эми курулуш жана көрктөндүрүү иштерине тартылган кызматкерлердин коопсуздугу тиешелүү органдар тарабынан текшерилип, дайыма көзөмөлдөнөт. Учурда биздин мекеменин 10–15 өндүрүштүк участогу бар. Ар биринде орто эсеп менен 15–20дан кызматкер эмгектенет. Скверлерди куруу жана жашылдандыруу иштерине ар бир участоктон 2–3төн жумушчу тартылып, алар күнүмдүк жумуш убактысынын алкагында иш алып барышууда. Натыйжада бардык иштер кошумча чыгымсыз жана кадимки эмгек тартибин бузбастан жүргүзүлүүдө.

— Скверлерди курууда кандай долбоорлор жана өзгөчөлүктөр эске алынууда?
— Жаңы скверлердин басымдуу бөлүгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы чакан аянтчаларда жайгашкандыктан, бул жерлерге ири архитектуралык объекттерди же чоң инсталляцияларды орнотуу мүмкүн эмес. Ошондуктан биз аймактын көлөмүнө ылайык келген, шаар тургундарынын маанайын көтөрүп, эс алуусуна жагымдуу шарт түзө турган чакан декоративдик элементтерди жайгаштырууга басым жасап жатабыз.

Скверлерге ар түрдүү көркөм инсталляциялар орнотулуп, канаттуулар үчүн атайын уялар жасалууда. Мындай иштер чоң чыгымды талап кылбайт. Тескерисинче, жергиликтүү усталардын жана кол өнөрчүлөрдүн эмгегинин аркасында салыштырмалуу аз каражат менен ишке ашырылууда.
Долбоорлордун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — бардык скверлерге заманбап сугат системаларынын киргизилиши. Бул жашыл аймактарды үзгүлтүксүз сугарып, көчөттөрдүн жана гүлдөрдүн жакшы өсүшүнө шарт түзүп, скверлердин көркүн узак убакытка сактоого мүмкүндүк берет.

Бул иштер жаңы башталыш болсо керек. Алдыда дагы кандай долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатасыздар?
— 10-июнда шаардагы жаңыдан курулган 10 сквердин ачылышынан кийин шаар жетекчилиги жана тургундар скверлерди кыдырып көрүп, аткарылган иштерге жогору баа беришти. Бүгүнкү күндө алар шаардыктардын эс алуусуна ылайыкталган жашыл жана көрктүү жайларга айланды. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы оң баалангандан кийин шаар жетекчилиги мындай долбоорлорду мындан ары да улантуу демилгесин көтөрдү. Учурда дагы 10 жаңы
скверди куруу боюнча сунуштар каралып, шаар ичиндеги ылайыктуу аймактарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Биздин негизги максат — шаар тургундары жашаган аймактарда эс алуу үчүн ыңгайлуу, жашыл жана заманбап коомдук жайларды көбөйтүү. Ошондуктан алдыдагы мезгилде да көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин кеңейтүүгө аракет кылабыз.

Мекеменин техникалык базасы тууралуу айтып берсеңиз?
— Акыркы жылдары мекеменин техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, бир топ жаңылануулар болду. Жалпысынан 48 даана атайын техника алынган. Алардын 9 даанасы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алынса, калган бөлүгү шаардык мэриянын бюджетинин эсебинен сатылып алынды.

Техникалык парктын жаңыланышы кызматкерлердин эмгегин жеңилдетип, аткарылып жаткан иштердин сапатын жана ылдамдыгын кыйла жогорулатты. Мурда техникалардын жетишсиздигинен же эскилигинен улам жөнөкөй жумуштарды аткарууга да көп убакыт жана күч талап кылынчу. Мисалы, дарактарды бутоо же алуу иштеринде олуттуу кыйынчылыктар жаралып келген.

Бүгүнкү күндө мекеме заманбап автовышка, экскаватор, суу ташуучу атайын унаа, жүк ташуучу техникалар жана башка зарыл жабдуулар менен камсыз болду. Ошондой эле таштанды ташуучу унаалардын паркы жаңыртылып, шаарды тейлөө мүмкүнчүлүгү кыйла кеңейди. Кыскасы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон техникалар этап-этабы менен жаңыланып, мекеменин ишмердүүлүгү жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Кенже Осмоналиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X