Азамат Жамангулов, Кыргызстан курорттор ассоциациясынын президенти: Тоо туризми- потенциалдуу багыт

«Кыргызстандын Курорттор Ассоциациясы» – өлкөдөгү санаторийлерди, пансионаттарды, эс алуу үйлөрүн бириктирген жана туризм тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшкөн бейөкмөт уюм. Ассоциация курорттук жана эс алуу мекемелериндеги тейлөө сапатын көтөрүү, ден соолукту чыңдоо, туризмди жайылтуу максатында иш алып барат. Бул багыттагы иштер тууралуу Кыргызстан курорттор ассоциациясынын президенти Азамат Жаманкулов менен маектештик.

— Азамат мырза, азыр туристтик мезгилдин учуру десек болот, сиз жетектеген уюм кандай долбоорлорду ишке ашырып жатат?
— Туура айтасыз, биздин негизги ишибиз Кыргызстанды ден соолукту чыңдоо туризми аркылуу көрсөтүү, таанытуу болуп саналат. Анын ичинде тоо туризми, пляждык туризм сыяктуу багыттар бар. Бул багыттарда потенциалыбыз жаман эмес. Жарандар, ишкерлер арасында бул тармактагы иштерге кызыгуу күн санап өскөнү байкалат. Албетте туристтерге, конокторго табигый, сапаттуу, заманбап шарттарды түзүү өлкөгө туристтердин келүүсүн, кызыгуусун көбөйтөт.

— Сиз жакында Кыргызстан туризм тармагына «Көк желек» программасын киргизүүгө кадам жасады деген маалымат менен бөлүштүңүз. Бул кандай программа?
— «Көк желек» – бул пляждар үчүн эл аралык сапат белгиси. Эгер ресторандар үчүн Michelin, мейманканалар үчүн жылдыздар болсо, пляждар үчүн «Көк желек» сапаттын жана ишенимдин көрсөткүчү болуп саналат. «Көк желек» программасы 1980-жылдары Европа өлкөлөрүндө, андан кийин Түркияда иштеп келет. Ал эми КМШнын пляждары “көк желекти” ала элек. Көптөгөн өлкөлөр көк желекти өздөрүнүн пляждарына такканга аракет жасашат. Бул багытта биз дагы өлкөнүн пляждарын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу максатында “Көк желекти” Кыргызстанга алып келүү боюнча бир нече кадамдарды жасадык. Жакында Түркияга барып, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү “Көк желек” программаларынын биринин тажрыйбасын үйрөнүп келдик.

— Бул белги кандай талаптарга жооп берген жээк-пляжга ыйгарылат? Биздин Ысык-Көлдөгү пляждар даярбы?
— Эгер пляжда көк желек желбиреп турса, анда бул жерде эл аралык деңгээлдеги негизги талаптар аткарылганын билдирет. Жакынкы жылдары Ысык-Көлдүн эң мыкты пляждарында көк желекти көрөбүз деген ишенимдебиз. Бул белгини алуу үчүн суу жана пляждын тазалыгы, айлана-чөйрөнү жана экосистеманы коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттардын түзүлүшү, коопсуздуктун сакталышы зарыл.

— Негизинен өлкөдө туризмдин кайсы багыты жакшы өнүгүп жатат?
— Тоо туризмине кызыгуу көп. Тоо туризмин дагы да кеңейтүү керек. Тоого барып эс алган конокторду эң мыкты тейлөө, шарттарды камсыздоо маанилүү. Алар: туристтерди тейлөөчү жайлар, тамак-аш жайлары, транспорт каражаттары мыкты деңгээлде болушу кажет. Пляждык туризм дагы жакшы өнүгө баштады. Бул багытта заманбап шарттагы улуттук колоритти камтыган мейманканалар салынып жатат. Тоолордун койнунда көлдөрүбүз, кооз жаратылышыбыз бар. Туристтер ошол чекиттерди көргөнгө кызыкдар.

Жергиликтүү ишкерлер тоо арасында жакшы жайларды кура башташты. Бирок, тоо кичи шаарга айланып кетпей, нукуралуулугу сакталышы керек. Ишкерлик менен жаратылыштын ортосунда баланс болушу зарыл. Коомдук коопсуздук, туристтерге жасалган мамиле, кырсык окуяларынын болуп кетпөөсү үчүн алдын ала жасалган иш-чараларга маани берилиши керек. Бул жаатта мамлекет түзүп жаткан шарттар жакшы. Жакында эле Ички иштер министрлиги туристтик милициянын курамын кеңейтти. Ат, унаа менен кайтаруучу бир нече бөлүмдөрдү түздү. Мен ойлойм, мунун баары туристтердин коопсуздугуна таасирин берет.
— Быйыл Кыргызстанда ири иш-чаралар өткөнү турат. Мындай иш-чаралар өлкөнүн туризмине оң таасирин тийгизсе керек…
— Ооба, ири масштабдуу иш-чаралар туристтик имиджге сөзсүз таасир берет. ШКУнун саммити, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары — саясий жана спорттук иш-чаралар болуп эсептелет. Мында бир нече өлкөнүн мамлекет башчылары келери күтүлүүдө. Өлкө башчылары келгенден кийин алар өз өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарында сөзсүз чагылдырылат. Бир нече массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келет. Кыргызстан жөнүндө канчалык көп маалымат тараса, туристтердин келишине да шарт түзүлөт.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X