Азербайжандык журналисттер “Ала-Арчанын” ажайып кооздугуна суктанышты

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 162

 Кыргызстанга келген Азербайжандын ЖМК өкүлдөрү жана блогерлери маданий программанын алкагында “Ала-Арча” улуттук паркына барып, өлкөнүн жаратылышы, туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана экосистемасы менен таанышты.

Коноктор асма жол аркылуу көтөрүлүп, тоо чокуларынын кооз панорамалык көрүнүшүнө суктанышты. Ошондой эле улуттук парктын жаратылыш өзгөчөлүктөрү, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана уникалдуу экосистеманы сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алышты.

Азербайжандык ЖМК өкүлдөрү Кыргызстандын бай жаратылыш мурасын жогору баалап, мындай таанытуу сапарлары өлкөнүн туристтик потенциалын эл аралык аудиторияга кеңири жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Белгиленгендей, “Ала-Арча” улуттук паркына болгон сапар Кыргызстан менен Азербайжандын медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого, ошондой эле чет элдик журналисттерди өлкөнүн жаратылышы, маданияты жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан тааныштырууга багытталган программанын бир бөлүгү болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X