"Эркин-Тоо"

Ажылык сапарга каттоо башталды

2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо бүгүн, 24-январда башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 24-январдан 14-февралга чейин РСК банкына 1000 доллар төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга, РСК банкына баштапкы төлөнгөн 1000 долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшырууга милдеттүү.

«2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1000 долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2023-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Жаңы талапкерлер 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 1000 долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.

Толук маалымат алуу үчүн 0778 486 167, 0708 486 167, 0558 486 167 номурлары аркылуу байланышса болот.

Белгилей кетсек, Сауд Арабия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлгөн. Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 313 жаран кезекте турат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!