Ажылыкка баруу процесси онлайн көзөмөлдөнөт

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 202

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик ажылык сапарын уюштуруу процесси толугу менен санариптештириле турганын билдирди. Бул тууралуу агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков маалымдады.

Анын айтымында, ажылыкка барууну каалаган жарандар үчүн каттоодон өтүү, кезекке туруу жана төлөм жүргүзүү сыяктуу бардык кызматтар электрондук форматка өткөрүлөт. Бул максатта атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат.

Жаңы система аркылуу жарандар үйүнөн чыкпай эле тиркеме аркылуу катталып, төлөм жүргүзүп жана ажылык кезегин көзөмөлдөй алышат. Мындай ыкма документ иштерин жеңилдетип, ашыкча түйшүктү азайтары белгиленди.

Мындан тышкары, ажылык сапарына барган жарандар үчүн Кыргызстанда дагы, Сауд Аравиясы аймагында дагы электрондук коштоо кызматы көрсөтүлөт. Бул система зыяратчылардын коопсуздугун жана уюштуруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 202
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X