Азис Эгембердиев, ӨКМге караштуу кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси: Сел кырсыктары 5 эсеге өстү

2026-жылы Кыргызстанда сел кырсыктарынын саны кескин өсүшү байкалууда. Сел кырсыгы өлкөнүн бир катар аймактарында олуттуу материалдык чыгымга жана инфраструктуралык зыянга алып келди. Бул көрүнүш тилекке каршы жөн гана табигый кокустук эмес, бир нече факторлордун бир убакта таасир этүүсүнүн жыйынтыгы катары бааланууда.

Эксперттердин баамында, сел кырсыктарынын көбөйүшүнүн башкы себеби – климаттын өзгөрүшү. Акыркы жылдары аба ырайы туруксуз болуп, кыска убакыттын ичинде өтө көп жамгыр жаап жатат. Мындай “нөшөр форматындагы” жаан суунун жерге сиңишине мүмкүнчүлүк бербей, аны түздөн-түз агымга айлантууда. Айрыкча июнь айындагы жаан-чачындардын күчөшү тоо этектеринде жана сайларда сел агымдарын пайда кылып, калктуу конуштарга чейин жеткен.

Абанын температурасынын жогорулашы менен тоолордогу кар катмары бат эрип, дарыялар менен каналдардагы суунун көлөмү кескин көбөйүүдө. Кырсыктын кесепетин күчөтүп жаткан дагы бир себеп – дренаждык жана сел өткөрүүчү системалардын жетишсиздиги болууда. Андан тышкары тоо капталдарындагы өсүмдүк катмарынын азайышы да селдин күчөшүнө жол берүүдө. Токойлордун суюлушу жана жайыттардын ашыкча пайдаланылышы топурактын бекемдигин төмөндөтүп, жаан суусунун жерге сиңишин азайтып, натыйжада суу түз агымга айланып, сел коркунучу жаралып келет. Көпчүлүк аймактарда калктын саны өсүп, сел жүрүүчү табигый нукка жакын курулуштар көбөйгөнү да абалды курчутууда. Айтор, бул маселе азыр негизгилерден болуп тургандыктан биз КР ӨКМне караштуу кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси подполковник Азис Эгембердиевге кайрылып суроо салдык.

Азис Болотканович, республиканын аймагында сел кырдаалы боюнча акыркы маалымат кандай болуп жатат?
– Жыл башынан бери өлкө боюнча жалпы 265 сел кырсыгы катталды. Алардын ичинен 93 учур акыркы төрт сутканын ичинде орун алып, 8 суу каптоо катталды.Селдин кесепетинен 562 турак үй жабыркап, анын 133үнүн ичи жана жер төлөлөрү, 429унун короолору сел суусуна толгон. Ошондой эле 8 социалдык объект, 3 мечит, 3 дүкөндүн короосу жана 40 чарбалык курулуш жабыркады. Мындан тышкары, жолдорго, сугат жана сел каналдарына зыян келип, 80 гектар эгин талаасы сел астында калды. Тилекке каршы, жыл башынан бери сел кырсыктарынын кесепетинен 8 адам каза болду. Акыркы селдерде 4 жылкы, 9 баш уй, 56 баш кой-эчки жана 3 жеңил унаа сел агымына агып кеткен.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунда катталган кырсыктын кесепеттерин жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү өз көзөмөлүнө алды. Калыбына келтирүү иштери кандай жүрүүдө?
– ӨКМдин өздүк курамы, жергиликтүү бийлик органдары жана Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте тазалоо жана калыбына келтирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Учурда өлкөнүн бир катар аймактарында ӨКМдин 22 инженердик техникасы иш алып барып, жолдорду, арыктарды, каналдарды жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

– Өткөн жылга салыштырмалуу абал кандай?
– Өткөн жылдын ушул мезгилинде 48 сел кырсыгы катталса, быйыл алардын саны 264кө жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 5 эсеге көп. Алдын ала эсеп боюнча материалдык чыгым 304 миллион сомду түзүүдө.

Тилекке каршы сел токтотууга мүмкүн болбогон табигый гидрологиялык процесс болуп эсептелет. Катуу жааган жаан-чачын, тоодогу кардын жана мөңгүлөрдүн эриши, ошондой эле жер кыртышынын өзгөчөлүктөрү селдин пайда болушуна шарт түзөт. Бул факторлор адам тарабынан толук көзөмөлдөнбөгөндүктөн, селди 100% токтотуу реалдуу эмес. Бирок, селдин алдын алууга болот. Негизги инженердик коргоо чаралары такырланган суу топтоочу аянтты жашылдандыруу, бассейндерге малды жайылтууну токтотуу, тоонун боорун тектирлөө болуп эсептелет. Мындан тышкары селдин агымын басаңдатып, шилендилерди топтоочу тосмолорду куруу да сунушталып жүрөт. Ошондой эле селдин зыянын азайтууда эң маанилүү кадамдардын бири инфраструктураны туура куруу. Ошондой эле агымдын багытын өзгөртүүчү коргоочу дубалдар да натыйжалуу чара деп табылган. Селдин кесепети оор болуп жаткан соң, биз селди болтурбай коюу маселесине көбүрөөк көңүл буруубуз зарыл болуп турат. Статистика кырсыктын бир жыл ичинде 5 эсеге көбөйгөнүн көрсөтүп турганы чоң коңгуроо эмеспи…

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X