Азия чемпионаты: Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталат
Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 8-апрелде мелдештин үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар башталды. Бул күнү 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмак категорияларында медалдар ойнотулат.
Кыргызстандын курама командасынын атынан килемге төмөнкү балбандар чыгат:
- Арууке Кадырбек кызы — 55 кг чейин;
- Сезим Жуманазарова — 59 кг чейин;
- Мээрим Жуманазарова — 68 кг чейин;
- Айпери Медет кызы — 76 кг чейин.
Ал эми 50 кг чейинки салмакта Кыргызстандын өкүлү катышпайт.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталары белгиленди.
Эске салсак, учурда Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында Азиянын алдыңкы балбандары күч сынашууда. Мелдеш грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтүп, жалпысынан 350гө жакын спортчу арасында 30 комплект медаль ойнотулат.