Азия чемпионатына Кыргызстандан 8 мушкер катышат
Бокс боюнча 2026-жылкы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан катыша турган спортчулардын курамы аныкталды.
Маалыматка ылайык, World Boxing өткөргөн мелдеште Кыргызстандын намысын 8 мушкер коргойт. Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында катышат.
Кыргызстандын курамы:
- 50 кг чейин — Бекзат Эргешов
- 55 кг чейин — Нурсултан Асанакунов
- 60 кг чейин — Амантур Жумаев
- 65 кг чейин — Мирзозид Имамназаров
- 70 кг чейин — Элдар Турдубаев
- 75 кг чейин — Атай Дамир
- 85 кг чейин — Мухамадазиз Закиров
- 90 кг чейин — Тыныстан Алыбаев
Улуу машыктыруучу — Улан Сагынбаев.
Белгилей кетсек, турнир 28-марттан 11-апрелге чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.