Азык-түлүк баасы өзгөрдү. Эмне кымбаттап, эмне арзандады?

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 122

Кыргызстанда акыркы бир жумада кой этинин баасы 0,2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк баалары боюнча жүргүзгөн мониторингинде айтылат.

23-июлга карата пияз 3,5 пайызга, сабиз 3 пайызга, тоок жумурткасы 2,7 пайызга кымбаттаганы аныкталды. Ошондой эле макарон, жергиликтүү буудай уну, тандыр нан, уй эти жана кумшекердин баасы да бир аз жогорулаган.

Министрлик азык-түлүк бааларын Казакстан жана Россиядагы көрсөткүчтөр менен да салыштырып, коңшу өлкөлөрдө да айрым азык-түлүк товарларынын баасы өзгөргөнүн белгиледи.

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X