"Эркин-Тоо"

Азыктар жарменкеси жана адамдык асыл сапат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде февраль айында Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында азыктар жарменкеси өттү.

Жарменкеге аталган университеттин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү тарабынан даярдалган кыргыз жана түрк тамактарынын түркүн-түс түрлөрү коюлган. Жарманкеге келген эл кыргыз жана түрк туугандардын колунан чыккан 200дөн ашуун түрдөгү тамак-аштарды  кызыгуу менен сатып алып жатышты.  Андан түшкөн каражат Түркиядагы жер титирөөдөн жапа чеккен жаш балдарга жардам берүүгө жумшалат.

Жарманкени университеттин Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн доценти Незахат Жейлан демилгелеп, уюштурду. Мындай жарменке быйыл экинчи ирет  өткөрүлүүдө. Былтыркы жарманкеден түшкөн каражат Бишкектеги балдардын онкологиялык ооруканасында дарыланып жаткан балдарга которулган. Университет азыктар жарменкесин жыл сайын өткөрүүнү  пландап жатат.

Жарманкеде азыктарды сатып алган  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өткөн жылы университетте 68 социалдык долбоор ишке ашырылганын айтып, студенттерге билим берүү менен гана чектелбестен адамдык асыл сапаттарга да тарбиялайбыз, — деди.  Адамдык асыл сапаттын белгилеринин бири кайрымдуулук эмеспи.

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!