«Азыркы жаштар улууну сыйлабайт»: №2 автобуста орун талаштан чыр чыкты

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 150

Бишкекте №2 коомдук автобуста орун талаштан улам жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр чыгып, мушташка жетти. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, аял жаш кыздан орун бошотуп берүүнү сураган. Кийин «азыркы жаштар улууну сыйлабайт» деп сындап, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу башталган. Чырдын арты мушташ менен аяктаган.

Окуя боюнча 102 кызматына чалуу түшүп, автобустун ичинде эки жаран мушташып жатканы кабарланган. Окуя Жибек-Жолу жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Факт Свердлов РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Текшерүүнүн алкагында 1963-жылы туулган К.Ф. жана 1992-жылы туулган П.А. аттуу жарандар милицияга жеткирилген.

К.Ф.га соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.

Милиция коомдук жайларда чыр чыгарып, тартип бузуу жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

11-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 150
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X