Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт
Кыргызстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Фуат Октайды «Манас» эл аралык аэропортунда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму бүгүн Бишкек шаарында өтөт.
Иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катардокументтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.