Бүгүндөн тарта Бишкекте №49 автобус каттай баштады

10-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Бүгүн, 10-апрелден тарта Бишкек шаарында №49 автобус каттай баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №49 автобус 33-маршрутканы алмаштырып, Арча-Бешик конушунда 24,2 чакырымды түзгөн айланма жол менен 7 мүнөттүк аралык менен жүрөт.

Белгилей кетсек, каттамга 11 автобус чыкты.

10-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X