Бүгүнтөн баштап 31-мартка чейин Салык кызматы түндө да иштейт

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 32
Салык кызматы салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлады.
«Салык органдары жеке жактарга жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өттү. Тактап айтканда, 28-марттан 31-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.
Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар аны 18.00дөн кийин тапшыра алат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырат. 1-апрелде салык декларацияны тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер, салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,
юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.
28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X