Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган фестиваль башталат

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

14–15-апрель күндөрү Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган «Жаңы ысымдар» аталышындагы XI эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль жаш таланттарды колдоого, чыгармачылык тажрыйба алмашууга жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Быйылкы иш-чарага Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжан мамлекеттеринен келген студенттик театр жамааттары катышат. Алар өздөрүнүн мыкты спектаклдерин көрүүчүлөргө сунуштайт.

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X