Бүгүн Бишкек шаарынын туулган күнү
Бүгүн борбор шаарыбыздын негизделгенине 143 жыл болот . Мындан бир нече жыл мурда шаар күнү 11-майда белгиленчү. 2014-жылы майрам күз айларына жылдырылган. 2016-жылы Бишкек шаарынын күнү жыл сайын 29-апрелде белгиленмей болгон. Анткени, шаар 1878-жылы 29-апрелде расмий түрдө негизделген. Шаарыбыздын алгачкы аты Пишпек болгон.