«Түндүк электр» ишканасынын маалыматына караганда, 28-апрелде 35 көчөнүн бөлүктөрүндө чубалгыларды монтаждоо, трансформаторлорду алмаштыруу, темир-бетон түркүктөрүн орнотуу жана башка иштерге байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.
- 9:00дөн 17:00гө чейин — Токтоналиев көчөсүнүн бөлүгүндө (№ 26 турак үй);
- 9:00дөн 18:00гө чейин — Рыскулов, Тимирязев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, Арча-Бешик конушунда (Он-Арча көчөсү), Киргизия-1 конушунда (Смоленская көчөсү), Ынтымак конушунда (Кырман көчөсү) жана Чоң-Арык айылында (Центральная көчөсү);
- 9:30дан 14:00гө чейин — Рухий-Мурас конушунда (7 жана 8-көчөлөрү);
- 9:30дан 16:00гө чейин — Туңгуч кичи районунда (№57, 59-65, 64/1, 64/2, 67-71 турак үйлөрү);
- 9:30дан 17:00гө чейин — Панфилов жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө (№4б турак үйү);
- 9:30дан 18:00гө чейин — Кудрук, Манас, Ананьева, Күрөңкеев, Профессор Зима, Жибек жолу, Ташкент, Токтогул, Манасчы Сагынбай, Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
- 10:00дөн 13:00гө чейин — Тоголок Молдо көчөсүнүн Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- 10:00дөн 17:00гө чейин —Курманжан датка, Саратовск, Хивинский жана Лермонтов көчөлөрүндө;
- 10:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунда (Камбар-Ата, Эр-Тайлак көчөлөрүндө);
- 12:00дөн 17:00гө чейин — Рухий-Мурас конушунда (5-6-көчөлөрү);
- 14:00дөн 17:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Куйручук, Тоң, Конорчок, Көк-Жар, Шабдан Баатыр көчөлөрүндө).