БАЭде каттамы токтотулган жарандар мейманканаларда акысыз кала алышат

2-март, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 317

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги каттамдары токтотулган же жылдырылган жарандарды мейманканалардан чыгарбоо жана алардан кошумча акы албоо чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдап, аталган өлкөдө жүргөн жарандарды сабырдуулук сактоого чакырды.

Министрлик жарандарга убактылуу мейманканаларда калууну сунуштап, кургак жол аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн өтө зарыл учурларда гана кароону эскертти.

Ошондой эле ыкчам байланышуу жана кошумча маалыматтарды тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигине кайрылуу зарыл экени белгиленди.

2-март, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 317
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X