Баетов айылында заманбап калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүүдө

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен жүргүзүлүүдө.

Жаңы имараттын жалпы аянты 2215 чарчы метрди түзөт. Борбор жер төлөсү менен кошо үч кабаттан туруп, жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап шарттар менен камсыздалат.

Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган. Учурда объектте иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Курулуштун сапаты жана аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы министрликтин тиешелүү түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Белгиленгендей, долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X