Баетов-Макмал жолунда сел жүрүп, жол убактылуу жабылды

6-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 219

Бүгүн, 6-июнь күнү жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Ак-Талаа районундагы Баетов–Макмал унаа жолунун 14–15-чакырым аралыгында сел жүрдү. Натыйжада аталган тилке убактылуу жабылды.

Жерине министрликтин №15 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы тартылып, сел сууларын буруу жана жол тилкесин иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Учурда кырдаал көзөмөлдө.

Тиешелүү кызматтар айдоочуларды сак болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X