Бахтияр Алиев Соцфондго жетекчи болду

18-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 16

КТРКнын мурдагы директору Бахтияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайкы, Алиевди бүгүн эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган.

Бахтияр Алиев 2001-2009-жылдары Социалдык фонддо жетектөөчү адис кызматынан баштап, бөлүм башчылыкка чейин жеткен.

Эске салсак, Соцфондду буга чейин Жаныбек Орозалиев жетектеп келген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X