«Байлото» мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек тартуулады

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 122

Бишкекте «Открой сердце» коомдук кайрымдуулук фондунун 5 жылдыгына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50гө жакын балага концерттик программа уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Иш-чарага колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен фонддун жетекчиси Людмила Лобасенко «Байлото» компаниясына кайрылган. Компаниянын жетекчилиги өтүнүчтү колдоп, балдарга канцелярдык товарларды алып берген.

Белектерди компаниянын расмий өкүлү Адилет Темирланов тапшырды. Ал фонддун 5 жылдыгы менен куттуктап, балдарга бекем ден соолук жана ийгилик каалады.

«Бизге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү боюнча кайрылуу түштү. Жетекчилик тарабынан дароо колдоо көрсөтүлүп, балдарга керектүү канцелярдык товарлар алынды. Компаниянын ички уставында социалдык долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Мындай иштерди мындан ары да улантабыз», — деди Адилет Темирланов.

Белгилей кетсек, «Байлото» буга чейин Токмок шаарындагы балдар үйүнө мектеп формаларын да алып берген.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X