Байден АКШда өзгөчө кырдаал режимин узартты

25-февраль, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 28

Президент Джо Байден коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШда өзгөчө кырдаал режимин узартты деп маалымдады Ак үйдүн басма сөз кызматы. 2020-жылдын 1-мартында киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтү үч күндөн кийин аяктамак. Эске салсак, коронавирустун айынан АКШда 504 миңден ашык адам каза тапты. Жалпысына бул вирус АКШда 28,3 миллион адамга жукту.

25-февраль, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X