Байден АКШнын президенти катары кимди көргүсү келген?

АКШнын учурдагы президенти Джо Байден 2015-жылы май айында каза болгон уулу Бо Байденди президент катары көргүсү келген. Бул MSNBCде аны менен маектешүү учурунда талкууланды. Саясатчыга анын үй-бүлөсүндөгү трагедиясы тууралуу суроо узатылганда, ал: «Бо мени ар дайым колдоп жүрөт. Тилекке каршы ал арабызда жок. Ал азыр ушул креслодо менин ордумда отурушу керек болчу », — деди.

Эске салсак, Америка Кошмо Штаттарынын 46-Президенти Байдендин уулу Джозеф Бо Байден 46 жашында мээ рагынан көз жумган. Ал Делавэр штатында Башкы прокурор болгон. Буга чейин Байден 2016-жылдагы президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн караган, тилекке каршы, ал баласын жоготконуна байланыштуу баш тарткан эле.

2020-жылдын ноябрь айындагы шайлоо өнөктүгү учурунда Байден эл алдында сүйлөп жатып, небересине Бо деген ысым ыйгарганын айткан. Ал ар дайым көзү өткөн уулун эстеп, жанына теспе салып жүргөнү маалым.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X