Байден кулдарды бошотуунун күнүн улуттук майрам деп жарыялады

АКШнын президенти Джо Байден ар жылы 19-июнда белгиленүүчү кулдарды бошотуунун күнүн улуттук майрам деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул күн расмий түрдө дем алыш деп жарыяланат. Эске салсак, кулдарды бошотуу жөнүндө прокламацияга 1863-жылы АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн кол койгон. 1865-жылы 19-июнда Техас штаты акыркы болуп кулчулук мезгил аяктагандыгын жарыялаган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X