Байсалов Эдиль Жолдубаевич
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.
Кичи мекени: Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.
Туулган жылы: 1977-жылдын 6-августу;
Билими: Жогорку. 1992-1993-жж. Түркияда мектеп алмашуу программалары боюнча билим алган;
1994-1995-жж. АКШда мектеп алмашу упрограммасы боюнча окуган;
1995-2000-жж. Борбордук Азиядагы Америка университетин бизнести башкаруу адистиги боюнча аяктаган;
2000-2004-жж. Кыргыз улуттук университетин саясат таануу адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1995-1996-жж. Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү;
1996-1997-жж. Улуттук өндүрүшчүлөр ассоциациясында эмгектенген;
1997-1999-жж. Weitnauer швейцариялык компаниясында эмгектенген;
1999-2007-жж. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын аткаруучу директорунун орун басары;
2001-2002-жж. Кыргыз адвокаттар коллегиясынын аткаруучу директору;
2002-жылы «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси;
2007-жылы «Кыргызстан социал-демократтар»партиясынын мүчөсү, жооптуу катчысы;
2010-жылы 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси. Ошол эле жылы «Айкөл эл» партиясынын лидери;
2012-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу;
2019-2021-жж. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси;
2021-жылдын октябрынан тартып Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.