Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

20-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110

Бишкекте бүгүн, 20-августта, жол оңдоо иштерине байланыштуу Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.

Тактап айтканда, унаа кыймылына Л. Толстой көчөсүнөн (азыркы Шабдан Баатыр көчөсү) Кочкор көчөсүнө чейинки тилкеде чектөө киргизилет.

Бул жерде жол куруу, оңдоо жана ага байланыштуу инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт.

Шаар тургундары менен конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, тыгындарды эске алуу жана мүмкүн болсо, альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X