Султан Стамбеков, онкогематолог: Трансплантация — оорудан сакаюунун бир жолу
Өлкөбүздүн алдыңкы дарыгери, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн жетекчиси, онкогематолог Султан Стамбеков бир нече жылдардан бери балдар арасында кездешкен рак ооруларын дарылоо, алардын ден соолугун сактоо жана медициналык жардам көрсөтүү багытында иш алып барат. Онкогематолог Султан Стамбеков Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүн жетектейт. Башкы дарыгер Кыргызстанда балдар онкологиясы тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, дарылоо сапатын жакшыртуу жана рак оорусу жөнүндө калктын көз карашын өзгөртүү аракеттеринин үстүндө командасы менен бирге иш жүргүзүүнүн үстүндө. Биз бул жолу дарыгер менен балдар арасында кездешкен кан оорулары, аны дарылоо жолдору, өлкөдө балдардын ден соолугуна түзүлүп жаткан жаңы шарттар тууралуу маектештик.
-Султан Амангельдиевич, жаңы эле операциядан чыгып келе жатам дедиңиз, балдардын кан оорусунда кандай учурларда операция жасалат?
— Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмү балдар онкологиясы боюнча дарылоо жүргүзгөн Кыргызстан боюнча жалгыз бөлүм болуп эсептелет. Балдар онкологиясында бейтаптар шишик оорулары жана кандын рак оорулары менен жабыркашат. Кандын рак оорулары химиялык дарылоо ыкмалары менен дарыланат. Ал эми шишиктерге операция жана химиялык дарылоо талап кылынат. Азыр да шишик оорулары менен жабыркаган балабызга операция жасалды.
— Акыркы жылдары балдар онкологиясында көрсөткүч төмөн элеби?
— Тилекке каршы, балдардын кан оорулары (өзгөчө лейкоз) дүйнөдө да Кыргызстанда да олуттуу маселе. Курч мүнөздөгү ак кан оорусу, рак ооруларынын 30-40%ын түзөт. Өлкөдө жылына 70-80 баладан рак оорусу аныкталат. Биздин милдет — кан оорусунун кайсы түрү болсун, дарылоо процессин баштоо болуп саналат.
— Кан оорусун дарылоо кымбатпы жана мамлекет бөлгөн каражаттар жетиштүүбү?
— Балдар онкологиясы жогорку көрсөткүчтөгү технологиялар менен дарылоону талап кылат. Дүйнө жүзү боюнча бул ооруларды дарылоого көп каражат сарпталат. Биздин өлкөдө негизги биринчи саптагы дарылоолор 70-80%ы мамлекетибизден төлөнөт. Бардык дарылоо бекер, мамлекеттин эсебинен каржыланат.
— Сиз жакында коомчулукка маанилүү демилге менен чыктыңыз. Тагыраагы балдар онкологиясына жаңы пансионат куруларын айттыңыз. Пансионат курулса балдар жакындары менен ал жерде ден соолуктарын чыңдашабы?
— Ооба, пансионат салуу демилгесинин долбоорун өткөн жылы жазып баштаганбыз. Пансионат Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн тушуна курулат. Балдар арасындагы шишик, кандын рагы ооруларын дарылоонун ортосунда бейтаптарыбыз 10-15 күн эс алуусу милдеттүү. Биздин бейтаптардын көбү Кыргызстандын эң алыскы аймактарынан келишет. Айрымдары миң чакырымдан ашык жол жүрүүгө аргасыз болушат. Ар бир химиотерапия курсунан кийин алар кайра үйүнө кетип, андан соң кайрадан ооруканага кайтып келүүгө мажбур болушат. Билсеңиз, айрым, баласы ооруган ата-энелер, жакындары оорукананын тушуна өз унааларын токтотуп түнөп кезектешип, балдарын караган учурлар да болот. Бул көрүнүш жалпы дарыгерлерди түйшөлтөт. Бул пансионат курулса биринчиден ооруп жаткан балдардын инфекция жуктуруу мүмкүнчүлүгү да азыраак болот. Балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө дайым болот, ыкчам жардам көрсөтүү колго алынат. Бул – ата-энелер балдарынын эң оор күндөрүндө алардын жанында боло ала турган жай болсо дейбиз.
— Балдары ооруган ата-энелердин ички абалы сизди да көп ойлондурса керек?
— Сөзсүз да. Эч бир ата-эне баласынын рак оорусу бар экенин уккусу келбейт. Бул абдан оор нерсе. Биздин бейтаптардын жакындары 3 стадияны баштарынан өткөрүшөт. Ата-эне дарыгерден баласынын оорусу тууралуу маалыматты уккандан кийин ишенгиси, бул оору менин баламда бар деп кабыл алгысы келбейт. Мындай учурда бейтаптын жакындары менен тыгыз сүйлөшөбүз. Атайын психологдор иш алып барышат.
— Кыргызстанда кан оорусу менен жабыркагандар арасында сөөк чучукка трансплантация долбоору иштей баштаган, ага ооруган балдардан кошулдубу, трансплантация жасалдыбы?
— Бизде бир жарым жыл мурда алгачкы балага трансплантация жасалган. Бирок ал учурда чет өлкөлүк кесиптештерибиздин жабдууларын колдонууга туура келген. Өзүбүздүн заманбап техникаларыбыз болмоюнча бул багытты андан ары өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнгөнбүз. Ошондуктан, бул өтө маанилүү долбоорду колдоп берүүнү өтүнүп, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондуна кайрылганбыз. Бир гана жилик чучугун трансплантациялоонун баасы 100 000 долларга жетиши мүмкүн. Ал эми бул кызматты уюштуруу үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу өтө чоң каражатты талап кылат. Аталган фонддун жетекчилиги жана Кувейттен келген шейх долбоорубузду колдоого алып алар Кыргызстандагы балдарга жардам берүү үчүн каражат чогултуп, биздин борбор үчүн уникалдуу жабдууларды сатып берүүгө көмөк көрсөтүштү. Эми биздин борбордо төмөнкү жабдуулар бар. Дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүнүн заманбап аферез аппараты жана экстракорпоралдык фотоферез аппараты. Бул эмнени билдирет? Эми биз Кыргызстанда жилик чучугун трансплантациялоону өз алдынча жүргүзө алабыз. Мындан ары мындай жабдуулар үчүн башка өлкөлөргө көз каранды болбойбуз. Бул биздин өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы абдан чоң кадам. Алдын ала сөзсүз берилчү бир суроого жооп бергим келет: «Эмне үчүн муну мамлекет эмес, кайрымдуулук фонду жасады?» Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде АКШда жана Европада да, кайрымдуулук фонддору мамлекеттик ооруканалардын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Дал ушундай кызматташтыктын аркасында ооруканалар эң заманбап технологияларды тезирээк киргизип, дагы көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калышат. Акыркы жылдары Президент Садыр
Жапаровдун колдоосу менен балдар онкологиясын каржылоо дээрлик көп эсеге көбөйдү. Бул бизге кызматты өнүктүрүүгө, жаңы дарылоо ыкмаларын киргизүүгө жана мурда кыял гана болуп келген долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапаровага өзгөчө ыраазычылык билдирем. Анын колдоосу менен биз үч ири долбоорду ийгиликтүү ишке ашырдык. Балдардын онкологиялык кызматын өнүктүрүүгө болгон көңүл буруусу бүгүнкү өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү болуп калды. Балдардын өмүрүн сактап калууга салым кошуп жаткан ар бир адамга терең ыраазычылык билдирем.
— Кан оорусу менен ооругандар кан куйдурууга муктаж, бул жаатта маселе жокпу?
— Кан жетиштүү. Ал эми бейтапка кан куйдуруу баары акысыз. Бейтаптар эч кандай кан сатып алышпайт.
— Практикаңызда кандын рагын жеңип чыккан жаш бейтаптарыңыз көп элеби?
— Мындай бейтаптар көп. Өзгөчө кандын чукул лимфобластикалык лейкоз менен жабыркагандардын 60-70%ы сакайып кетишет. Миелобласттык түрү 20-30% жакшы болуп кетет. Мурдараак, бул ооруларда сакаюу көрсөткүчү абдан төмөн болчу. Ал эми акыркы 10 жылда дарылоонун сапатынын аркасы менен жакшы жетишкендиктер байкалууда. Мен ойлоп турам, бейтаптар арасында трансплантацияны дагы да жакшыртып система толугу менен ишке кирсе балдар онкологиясында саламаттыгы жакшыргандар дагы да көбөйөөрүнө ишеним чоң.
— Кан оорусуна кабылбаш үчүн ден соолукка кандай кам көрүү керек?
— Балдар онкологиясындагы оорулар көп учурда генетикалык өзгөрүүлөрдөн чыккан ооруу болуп эсептелинет. Бирок, ар бир жаран сергек жашоо, стрессти азайтуу, туура тамактанууну адат кылышы зарыл.
— Оорулууларга кам көргөн дарыгерлерибиз жетиштүүбү?
— Азыркы тапта жетиштүү. Жалпы 12 дарыгер эмгектенүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы