Бакайдай баркы, Кошойдой наркы бар – Бексултан Жакиев акыркы сапарга узады

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 21

Аксакалы кыргыздын,
Аскалуу гана бийик зоосу эле.
Бакайы эле калкынын эх арман,
Баатыры эле жалпынын, — деп акындарыбыз жоктогондой калың кыргыз кайгырып, залкар калемгерди жоктоп, акыркы сапарга узаттык. Коштошуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага коомдук ишмерлер, саясатчылар, маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.
Бакайдай баркы бар, Кошойдой наркы бар элибиздин кутман карыясы – Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, залкар калемгер Бексултан Жакиев агайыбыз 85 жаш курагында акка моюн сунду. Ал 1936-жылы 16-январында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келип, Тоң жергесинин кадырлуу аксакалдарынын бири – Абийир атанын тарбиясын алып, жаштайынан атуулдук сезимин боюна сиңирип, улутубуздун чыгаан инсаны катарында калыптанган. Бексултан Жакиевдин кыргыз адабиятына өтө жаш кезинде келгени маданият айдыңына маалым.
Ал студент кезинде эле драмалык кружокторду уюштуруп, кыргыз театр искусствосуна болгон өзүнүн шыгын, сүйүүсүн көрсөткөн. Жыйырма жаштан жаңы гана ашканда “Атанын тагдыры” деген драмасы менен калың кыргызга аттын кашкасындай таанылат. Анын чыгармасындагы баш каармандын ролун сахна алпы – Муратбек Рыскулов ойноп, Бексултан Жакиевдин алгачкы жазуучулук жолу шыдыр башталган. Ошол күндөн тартып, өмүрүнүн акырына чейин залкар калемгерибиз өлкөбүздүн театр искусствосун, адабиятын бийиктикке сүрөдү. Анын жазуучулугун “Атанын тагдыры” баштаган “Үркүн”, “Алтын аяк”, “Саадак какты” сыяктуу чыгармалары Кыргыз Республикасынын театрларында гана эмес Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын театрларынын репертуарларынан түшпөй турган.
Бексултан Жакиев калемгер болуудан сырткары кыргызга нар көтөргүс кызмат кылды. Ал “Манас – 1000” мааракесин жетектеп, сценарийин жазып өлкөбүздүн эгемендүү жылдарындагы мамлекетибиздин идеологиясын алдыга жылдырууга салымын кошту. Көзү өткөнчө коомдук-саясий турмушка аралашып, өзүнүн даанышмандык кеп-кеңешин берип турган. Ал кечээ жакында өтүп кеткен Түгөлбай Сыдыкбековдун, Хусейин Карасаевдин, Сүйүнбай Эралиевдин, Сооронбай Жусуевдин ордун толуктап турчу эле. Залкарлардын артында калган шакирттерине опол тоодой караан болуп, аларга өз кеңешин берип, тарбиялаган. Бексултан агайыбыз “Манас” айтуучулук өнөрүн, акындардын айтышын даңазалап, маданияттын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон.
Коштошуу тажиясына келген Бексултан Жакиевдин замандаштары өз пикирлерин айтып, коштошту.
Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев:
Кыргыз тарыхынын оор күндөрүн элге чагылдырып берген

— Кыргыз эли үчүн өзгөчө оор жоготуу болуп турат. Көөнөрбөс көөнө тарыхтын көрөңгөсү, аска-зообуз урады. Бексултан агабыз менен чыгармачылык чөйрөдө да, мамлекеттик кызматта да бирге болдум. Баарынан мурда чыгармачылыкка эң жаш кезинде кадам таштап, мыкты драматург катары таанылган. Улуу Ата Мекендик согуштун оор тагдырынан сабак алып жазган “Атанын тагдыры” драмасын 3-4 жолу көрдүм. Ал ар бир чыгармасында кыргыз тарыхынын эң оор күндөрүнө кайрылып, элге жеткирип бере алган. Бексултан Жакиев өзүнүн адамгерчилиги менен жогору турган. Адамдын кызматына карабай, түз сүйлөп калыстыгынан жазбаган үлгүлүү адам эле. Керек учурда акыл кошуп, караңгыда жол тапкан кеңешчи болгон. Тарыхтын оор күндөрү жөнүндө чыгармаларды жазып, бүгүн бизге табылгыс мурас катары калтырды. “Манас – 1000” мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарада бирге иштешип, андагы эң жакшы саппаттарды, чыгармачылыгын, тынымсыз эмгекчилдигин байкай алдым. Арман дүйнө деген ушул экен. Кыргыз эли Бексултан Жакиевдей агабыздан айрылып, бүгүн келбес сапарга узатып жатабыз. Жаткан жери жайлуу болсун.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинорежиссёр Садык-Шер-Нияз: Бексултан агабыз менен кыргыз тилибиз, тарыхыбыз, маданиятыбыз сакталды- Айкөл Манас өлүп Каныкей Бухарда кайгырып калганда “Кыргыз кыргыз болуп калабы, Семетей атасы – Манас экенин билеби, жери

– Талас экенин билеби”, — деп тайторуну ырым кылып күлүккө чапкан экен. Кечээ бизде союз урап, кыйсыпыр заман болуп “Кыргыз маданиятынын келечеги кандай болот, кыргыз тили тагдыры, кыргыз өнөрү эмне болот”, — деп карайлап турганда кыргыз эли Бексултан агабызды күлүк жарышка салдык. Марага Бексултан Жакиев чыгып келсе кыргыз өнөрү, маданияты, тили сакталып калаар дедик. Ошентип “Манас” эпосу, кыргыз маданияты, өнөрү, комузчулары, акындары аксап турганда залкар драматург Бексултан Жакиев агабыз өйдөгө сүрөдү. Бексултан Жакиев менен кыргыз тилибиз, тарыхыбыз, маданиятыбыз сакталды. Агабыздын арты менен айтыш, манасчылардын, төкмөлөрдүн өнөрү башка элге да даңазаланды. Кыргыз эл баатырынын түйшүгүн көтөрүү оор жана сыймыктуу. Бирок, кыргыздын кадырман аксакалы болуу андан да түйшүктүү, андан да сыймыктуу. Ал кара кылды как жарып, хандан, бектен тартынбай түз сүйлөп, акыйкатка түздөнүп келди. Ал эми Бексултан Жакиевдин окуучулары, шакирттери биз ага карап түздөндүк. Кыргыз өнөрүнө кызмат кылды. Кыргыз өнөрү барда Бексултан Жакиев жашай берет.“Ысык-Көл” фондусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Эмилбек Каптагаев: “Агабыздын мекенчилдигин, улутчулдугун айтсак сөз жетпейт”- Кыргыз адабиятынын, кыргыз маданиятынын, манасчылардын, акындардын дегеле маданияттын таянар тоосу болгон Бексултан агабызды жоктоп отурабыз. Кеменгер, акыл кошчу адамдарды тээ илгертен касиеттүү адам деп баалашкан. Капылеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан башкалардан өзгөчө адам эле. Айта келсек, кеп анын жөнөкөйлүгүндө. Бексултан авамда текберчилик деген жок болчу. Ал улууга да, кичүүгө да бирдей сый мамиле кылат эле. Эл ичинде, айрыкча маданият тармагында кандай окуя болсо четте карап турчу эмес. Анын адилеттиги, калыстыгы кашкайып көрүнчү. Ал оюн чаргытпай, так кесе сүйлөчү. Анын берген баасы, айткан сөзү көпчүлүк учурда чечүүчү мааниге болуп келгени чындык. Агабыздын мекенчилдигин, улутчулдугун айтсак сөз жетпейт. Улуттук баалуулуктарды сактоодогу эмгеги опол тоодой. Даанышман агабыз катары акылын, кеңешин уктук. Эш туткан агабыздан, таянар тообуздан айрылдык.

Асел Барыктабасова

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X