Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын чыгармачыл жамааты Астанада өтүп жаткан «TETRALL» IV эл аралык театр фестивалында Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде коюлган спектаклин тартуулады.
Спектакль 4-октябрда Музыкалык жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында көрсөтүлүп, Астана шаарындагы көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болду. Зал толуп, спектакль соңунда чыгармачыл топ кызуу кол чабуулар менен узатылды.
Коюлушта сүйүү, адамдын эркиндиги, тандоо жана руханий баалуулуктар сыяктуу темалар көркөм баяндалган.
Спектаклди Казакстандагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кудайберген Базарбаев да көрдү.
Быйыл 1–7-октябрь күндөрү өтүп жаткан «TETRALL» фестивалы Казакстандын Эл артисти Меруерт Утекешованын 75 жылдыгына арналууда. Кыргызстандын атынан фестивалга Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры катышууда.