Бакен жана Косыгин

17-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27

Өнөр дүйнөсүнүн өчпөз жылдызы

“Мен билгенден өнөр адамдарынын ичинен чыккан көкжалы Бакен Кыдыкеева эжебиз”, деп Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кылкыякчы Толтой Мураталиев сөзүн улаган эле. – Биринчи жолу көзмө-көз көл тарапта “Аманат” аттуу көркөм фильмди тартып жүргөндө көргөм. Ошол көз ирмемдер эгерим кетпейт эсимден”.

Ал кинодо мындай эпизод бар. Жайлоонун болуп турган учуру. Кулундар оюн салып, энелерине эркелешип, эмчектерин эмип, уурттарынан бээнин ынак сүтү чууруп, бала кыял алар ток пейил. Кудум эле энелерине эркелеген балдардан айрып алгыс. Ошол ойноок баладай кулундун образына төп келер музыка табыш таңсыкка айланат. Акыры кыл кыякчы Толтой Мураталиевди чакырышат. “Атаң Мураталы Күрөңкеевдей зор музыкант ай ким билет мындан ары чыкпас. Сен да ата жолун улап келатасың. Бизге жардам бер. Күү менен эрке кулундун кубанычын ойноп бер, кандай күүлөр төп келет?! Бир сен билбесең, биз кайдан билет элек” дешет. Бир караганда тапшырма жеңил болбой калсын. Көп күүлөрдү эске салды, салмактады. Бирок, чиркин бири да чендебеди. Образга дал келбеди. Акыры “Эркесарынын эрке күүсүн” тандады. Комузда ойноп, энелерине эркелеген балдар көз алдыларына элестеп, режиссёр энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп калбаспы.

Эркесары Бекбасаров Таластан чыккан чоң комузчу. Кыргыз күүлөрүнүн алтын фондусунда өзүнүн аткаруусунда алтынга бергис нечен күүлөрү бар. Ондогон күүлөрү оркестештирилген. Аткаруучулардын репертуарынан да нечени орун алган. “Эркесарынын эрке күүсү” кинонун көркүн ачып калбаспы. Музыкасыз  кинонун жүзү ачылбас.

Атайы алыстан чакырткандарына жараша күүсүн таап, чертип черлерин жаздым деп Толтой Мураталиев жетине албай калат. Бир кезде актёрлор чогуу олтурган үйгө кирип барат. Чү дегенде эле жигиттей мандаш токунуп чок ортодо олтуруп алып, кызык кептен чубап жаткан  Бакен Кыдыкеева эжесине арбалып калат. Көзүнөн көзүн албай суктанып карап.Бу жигит киши көргөнбү?!-деп Бакен эже шаңк этет.

Кишилерди көргөнү менен сиздей сулуу периштени көзмө-көз биринчи көрүшү окшойт.

Ооба, Бакен Кыдыкееваны кинолордон көргөнү менен минтип кез келери үч уктаса түшүнө кирбеген. Кинодон көргөндөрү бир тең болсо, минтип каш кабактын ортосунда көзмө-көз көргөнү бир тең болду.Таанышып алыңыз эже,  бу Толтой Мураталиев деген жигит болот. Атайы борбордон чакырттык.

Мукемдей залкар кыл кыякчы, комузчулар бир кылымда бир эле туулар. Ата жолун улаган сени билем. “Ат кеттини” сенин аткарууңда укканда атаңды уккандай болом. “Күрөңкеевдин эркесарысын” мен да биринчи көзмө-көз көрүшүм дегенде олтурганлар күлүп калышты.

Ошол  күндөн Толтой Мураталиев “Күрөңкөйдүн эркесарысы” аталып кетет. “Күрөңкөйдүн эркесарысы” экинчи  ирет Бакен эжесин Ташкенттен көргөн. Кыргыз маданият күндөрү өтүп жаткан. Банкет учуру эле. Бир оокумда Өзбекстандын ошондогу журт башчысы Шараф Рашидов СССРдин министрлер советинин председатели Алексей Николаевич Косыгинди баштап кирип келбеспи. Мындай болорун күтүшпөгөн. Косыгин баары менен учурашып келатып, Бакен эжени көргөндө өзгөчө имерилип, жүзүнөн сүйүп, саламатчылыгын сурап, саамга жанынан чыкпай, аркы-беркини сурап байланып турду. Эбактан эски тааныштар, жакшы санаалаштар экени белгилүү болуп чыга келди.

Залкар акын Темиркул Үмөталиев:

Биздин кыздардай сулуулар бу Өзбекстанда жок тура. Кандай таланттуу татынакай кыздарыбы бар, деп жетине албай калды.

…Көрсө Вьетнамдын журт башчысы Хо-Ши-Мин дүйнөдөн кайтып, Косыгин коштошуу расмине катышуу үчүн бараткан экен. Ташкент аркылуу учат тура.  Самолёт даяр болгончо кыргыз,өзбек маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушуп, банкет дасторконунан насиптеш болуп кеткен.

“Бакен эженин союз учурунда кандай кадыр-баркы бийик экенин ошол экинчи жолугушууда көргөм” дээр эле Толтой Мураталиев.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, театр жана кино искусствосунун өчпөз жылдызы Бакен Кыдыкеева тууралу айтылгандан да айтыла электери, жазылгандан да жазыла электери көп.

Орус туугандар “Биздин Анна Каренина” деп келишчү. Эл аралык аренада атагы таш жарып турган. Кандай учур болсо да жылдызы жанып турар унутулгус улуу актириса.

Айчүрөк Макешова

17-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X