Бактыбек Максүтов, коомдук ишмер: “Өлкөбүздү өргө тарткан маселелер каралса…”

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 240

Акыркы жылдары Кыргызстанда курултай институту мамлекеттик деңгээлде кайрадан жанданууда. Кезектеги V Элдик Курултай Бишкек шаарында 2026-жылдын 18-декабрында өтөт. Ушу тапта айыл аймактарда, шаарлардагы кичи райондордо жергиликтүү жамааттардын жыйындары өтүүдө. Анын алкагында жер-жерлерде эл тарабынан делегаттар шайланууда. Бул багытта курултайдын тарыхы жана мааниси тууралуу коомдук ишмер Бактыбек Максүтов менен кыскача маектештик.

— Бактыбек агай, эгемен кыргыз элинин мамлекеттүүлүк тарыхында курултай институту өзгөчө орунду ээлеп келет. Сиз өзүңүз дагы бул тарыхый процесстердин күбөсү жана катышуучусу экенсиз…

— Ооба, мен кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан бери өткөрүлгөн бир нече курултайларга катышып, өзүмдүн ой-пикиримди, сунуштарымды айтып келемин. Курултай – бул элдин үнү. Эл менен бийликтин ортосунда көпүрө. Бийлик ар убак эл менен эсептешип, көйгөйүн угуп, карапайым калк менен бирге болсо аягы жаман болбойт, мындай нерсени тарых барактары нечен ирээт тастыктап келген. Аны эч ким жашыра албайт.

— Эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдарга кайрылсак. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң биринчи курултай качан өткөн жана анын мааниси эмнеде болгон?
— Эгемендүүлүктөн кийин кыргыздардын биринчи курултайы 1992-жылдын 29–31-августунда Бишкек шаарында өткөрүлүп, кыргыз элинин улуттук өнүгүүсүнүн
стратегиясы аныкталган. Бул курултайга Кытай, Түркия, Сауд Арабиясы, Афганистан, АКШ, Австралия, Франция ж.б. дүйнөнүн туш тарабында жашаган кыргыздардын өкүлдөрү катышкан.

— Андан көп өтпөй, көп улуттуу өлкөбүздүн ынтымагын бекемдөө максатында дагы бир чоң жыйын өткөн экен. Кыргызстан элдеринин биринчи курултайында кайсы маселелер каралды эле?
— Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы болсо 1994-жылы өткөрүлгөн. Ал курултайга Кыргызстандагы 24 улуттук маданий борбордун өкүлдөрү катышып, жаңыдан эгемендүү мамлекет болгон өлкөбүздүн келечеги жөнүндө маселе каралган. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын келечек тагдыры жөнүндө маселе талкууланган. Курултайда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы түзүлгөн.

— Акыркы жылдары бул институт жаңы дем менен кайрадан жандана баштады. Акыркы мезгилдеги Элдик Курултайлардын динамикасы жана алардын укуктук негиздери тууралуу эмне айта аласыз?
— Ооба, 2022-жылдан бери Кыргызстандын Элдик Курултайы 4 жолу болуп өткөн жана көптөгөн маанилүү маселелер каралган. Белгилей кетүүчү жагдай, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 2023-жылдын 24-июлунда кабыл алынган. Курултай — бийлик бутактарынын эл алдында түз отчёт берүүчү, элдин үнүн угуучу башкы саясий куралы десек болот.

— Ал эми 2025-жылдын соңунда төртүнчү Элдик Курултай болуп өттү. Ал жыйында мамлекет башчысы тарабынан өлкө үчүн эң актуалдуу кайсы темалар көтөрүлдү?
— 2025-жылдын 25–26-декабрында болуп өткөн төртүнчү Элдик Курултайда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров IV Элдик Курултайда өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, экономикалык өсүшү жана социалдык маселелери боюнча кеңири баяндама жасап, делегаттардын суроолоруна жооп берген.

— Алдыда бизди дагы бир маанилүү тарыхый окуя күтүп жатат. Кезектеги бул жолку жыйындан эл ичинде кандай үмүт-тилектер, күтүүлөр бар деп ойлойсуз?
— Ушул жылдын сентябрь айында Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын алкагында V Элдик Курултай 2026-жылдын 18-декабрына дайындалды. Бул курултайда өлкөбүздүн экономикасынын өсүп-өнүгүшүнө, элибиздин жашоо-турмушунун жакшырышына байланыштуу олуттуу маселелер каралат деп ойлоймун.

 

Мээрим Бактыбек кызы

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 240
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X