Бактыгул Абдыжалиев: Камсыздандыруунун жаңы этабында жарандардын мүлкүн коргоо күчөйт
Кыргызстанда камсыздандыруу системасы жаңы өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Жарандардын мүлкүн коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзамдык реформалар, жер титирөө боюнча камсыздандыруу босогосунун төмөндөшү жана жаңы механизмдер эл үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөт. «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын төрагасынын орун басары Абдыжалиев Бактыгул жаңы өзгөрүүлөрдүн мааниси, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жеткиликтүүлүгү жана системанын келечеги тууралуу айтып берди.
— Бактыгул Рысбекович, Жогорку Кеңеште кабыл алынган жаңы мыйзам жарандардын мүлкүн коргоо системасында чоң өзгөрүү катары бааланууда. Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин карапайым жаран кандай артыкчылыкка ээ болот? Камсыздандыруу төлөмдөрүн алууда мурда кездешкен көйгөйлөр кандай чечилет?
— Жаңы мыйзамдын негизги максаты — жарандардын камсыздандыруу коргоосун күчөтүү жана төлөм алуу механизмдерин жөнөкөйлөтүү.
Буга чейин айрым мыйзамдык чектөөлөрдөн улам камсыздандыруу окуясы катталганы менен жарандар компенсация ала албай калган учурлар кездешкен. Жаңы өзгөртүүлөр дал ушул тоскоолдуктарды жоюуга багытталган. Эми камсыздандыруу окуяларынын камтылышы кеңейип, жабыркаган жарандардын мыйзамдуу төлөм алуу мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Бул өзгөрүүлөр элдин камсыздандыруу системасына болгон ишенимин арттырып, жарандардын мүлкүн коргоону жаңы деңгээлге чыгарат.
— Кыргызстан жер титирөө коркунучу жогору аймакта жайгашкан. Жер титирөө боюнча камсыздандыруу окуясынын босогосунун 6 баллдан 5 баллга түшүрүлүшү канча жаранга реалдуу жардам берет? Буга чейин зыян тартса да төлөм ала албай калган адамдар үчүн кандай мүмкүнчүлүк жаралат?
— Кыргызстан сейсмикалык жактан активдүү өлкөлөрдүн бири. Практика көрсөткөндөй, турак жайларга олуттуу зыян айрым учурда 5–6 баллдык жер титирөөлөрдө эле келип чыгышы мүмкүн.
Мурда камсыздандыруу төлөмү 6 баллдан жогору жер титирөөлөр болгондо гана каралса, жаңы өзгөртүү менен 5 баллдык жер титирөөлөр да камсыздандыруу окуясы катары таанылат.
Бул миңдеген жарандардын камсыздандыруу коргоосун кеңейтет. Ошондой эле мурда кырсыктан зыян тартып, төлөм ала албай калган адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Натыйжада жарандар өз мүлкүн калыбына келтирүүгө көбүрөөк колдоо ала алышат.
— Учурда камсыздандыруу пулун түзүү каралууда. Эгер Кыргызстанда ири масштабдагы табигый кырсык болуп, миңдеген турак жай жабыркаса, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жана өз убагында жүргүзүүгө даярбы?
— Ооба. Камсыздандыруу пулун түзүүнүн негизги максаты — дал ушундай ири тобокелчиликтерге алдын ала даяр болуу. Пулдун түзүлүшү камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун күчөтүп, чоң көлөмдөгү чыгымдарды биргелешип жабууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму резервдик фонддорду түзүү жана финансылык туруктуулукту камсыздоо боюнча бардык талаптарды аткарат. Бул табигый кырсыктар болгон учурда жарандарга төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
— Кыргызстанда ислам каржы инструменттерине кызыгуу өсүүдө. Жогорку Кеңеште Такафул камсыздандыруусу да колдоо тапты. Такафул деген эмне жана ал жарандарга кандай мүмкүнчүлүк берет?
— Такафул — ислам каржы принциптерине негизделген өз ара жардамдашуу камсыздандыруу системасы.
Анын негизги өзгөчөлүгү — катышуучулар жалпы фонд түзүп, камсыздандыруу окуясы болгондо ошол фонд аркылуу бири-бирине жардам көрсөтүшөт. Бул система ислам принциптерин карманган жарандар үчүн камсыздандыруунун кошумча мүмкүнчүлүгүн түзөт жана финансылык коргоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтет. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул багыт боюнча эл аралык тажрыйбаларды изилдеп, Такафул механизмдерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча унаа катталган жана алардын канчасы мыйзам талап кылган ОСАГО полисине ээ? ОСАГО менен камсыздандырылбаган унаалар боюнча абалды жакшыртуу үчүн кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 1,8 миллиондон ашуун транспорт каражаты катталган.
ОСАГО системасы этап-этабы менен киргизилип жаткандыктан, камсыздандырылган унаалардын саны жылдан-жылга өсүүдө.
Бул багытта калк арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, санариптик кызматтар өнүктүрүлүп, камсыздандыруу полисин алуу процесси жеңилдетилүүдө.
Ошондой эле мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзам талаптарын аткарууну камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
— Айрым жарандар жеке камсыздандыруу компаниялары зыянды төлөөдө убакытты созуп, компенсацияны толук бербей жатат деп нааразы болушат. Мындай учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандардын укугун кандай коргойт?
— Биздин негизги артыкчылык — ачык-айкын иш алып баруу, мамлекеттик көзөмөл жана мыйзам талаптарын так сактоо. Ар бир камсыздандыруу окуясы белгиленген тартипте каралып, көз карандысыз баалоонун негизинде чечим кабыл алынат. Мындан тышкары, жарандар кайрылуу жана даттануу механизмдери аркылуу өз укуктарын коргой алышат. Биз үчүн негизги принцип — мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана ар бир кардардын кызыкчылыгын коргоо.
— Камсыздандыруу тармагында эң негизги маселе — төлөө жөндөмдүүлүгү жана ишеним. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун финансылык туруктуулугу жарандар үчүн кандай артыкчылык берет?
— Мамлекеттик камсыздандыруу уюму өлкөдөгү ири жана финансылык жактан туруктуу камсыздандыруу институттарынын бири. Уставдык капиталдын жетиштүү көлөмү, мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн камсыздандыруу резервдери жана мамлекеттик катышуу жарандардын ишенимин бекемдейт.
Жаран үчүн эң негизги артыкчылык — мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн, туруктуу жана жоопкерчиликтүү камсыздандыруу өнөктөшүнө ээ болуу.
ОСАГО боюнча төлөмдөрдүн динамикасы да системанын иштеп жатканын көрсөтөт:
2023-жыл: 5 төлөм, жалпы суммасы — 468 800 сом;
2024-жыл: 48 төлөм, жалпы суммасы — 4 320 153 сом;
2025-жыл: 900 төлөм, жалпы суммасы — 86 088 941,98 сом;
2026-жылдын 19-июнуна карата: 1 060 төлөм, жалпы суммасы — 101 464 236,39 сом.
Бул көрсөткүчтөр ОСАГО системасынын жылдан-жылга өнүгүп жатканын жана жол кырсыгынан жабыркаган жарандарга компенсация төлөп берүү механизми реалдуу иштеп жатканын көрсөтөт.
Чынайым Кутманалиева