"Эркин-Тоо"

БАКУБАТ БЮДЖЕТ — БАРДАР ЖАШООНУН НЕГИЗИ

Өткөн аптада Акылбек Жапаров башкарган Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында каралган “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору учурдун маанилүү маселеси экенин баса белгилейли.

Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болгондон бери  32 жыл өткөнү менен социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүү багыты 2020-жылдан кийин гана өз жолун тапкандай болду. Ага чейин 5 Президент, 30дан ашык  Премьер-министр алмаштырылганы менен Кыргыз бийлиги калкыбызга берген убадаларын аткарууга алы жетпей, бюджетибиздин “тешигин” жамай албай, эл аралык финансылык уюмдарга карыз болуп, өндүрүшүбүз өп-чап күн кечирип келгени дагы чындык. Ушундан улам, сөзүбүз куру болбос үчүн, айрым бир фактыларга токтололу.

Азыркы бийлик келгенде тышкы карыз 4,7 млрд. долларды чапчып турган. Ал эми 30 жыл ичинде грант түрүндөгү, техникалык карыздын суммасы 11,4 млрд. доллардан ашыптыр. Чет жактан ушунчалык суммада карыз алынганы менен элдин жашоо-турмушу оңолгон жок. Баягы эле эскилиги жеткен социалдык обьектилер, тамтыгы чыккан жолдор. Күмүскө экономика күч алып, коррупция гүлдөдү. Саясый туруксуздук элди жадатты. Ошол эле учурда карапайым калкыбыз өткөн күнгө каниет кылып жашап келди.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин өлкөдө экономикалык жактан өсүү байкалды. Инвестиция келе баштады. Салык төлөмдөрүн чогултуу көбөйдү. Фискалдык саясаттын натыйжалуулугу артты. Мисалы, 2021-жылы эле “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кирешеси – 1,5 млрд. сомду түздү. Мегакомдун таза кирешеси  – 1,5 млрд. сомго чыкты. «Манас» эл аралык аэропорту – 3,2 млрд. сом таза пайда тапты. Көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көбөйдү. Мындай мисалдарды айта берсе көп.

Эми бюджетке келели. Кечээ жыйында Министрлер Кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров план боюнча 2024-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600,7 млрд сомду түзөрүн билдирди. Салыштырып көрөлү. Азыркы Өкмөт 2021-жылга консолидацияланган бюджеттин  ресурстук бөлүгүн 305 млрд. сомго чейин көбөйтүп,  2022-жылы бул  көрсөткүч  400 млрд. сомго жетерин убада кылган болчу. Тарыхка көз чаптырсак, 2005-жылы консолидациялык бюджет 30,4 млрд. сом болсо,   2010-жылы 100,5 млрд. сомго жетиптир. 2017-жылдан 2020-жылга чейин өсүү байкалбаптыр. Ал эми өткөн жылы быйылкы жылдын бюджетин карап жатканда Өкмөт консолидацияланган бюджеттин ресурстарын – 503,4 млрд сомго жеткирүүнү билдирген.

2024-жылы  консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600,7 млрд сомду түзөрүн айткан төрага Акылбек Жапаров, “келерки жылы мамлекеттик бюджеттин профицити 20,0 млрд сомго пландалып” жатканын кошумчалады.

Бир нерсени эске алалы, өлкөбүз 2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 млн. доллардан ылдый эмес карызды төлөө учуруна туш келди. Бул карыздын дээрлик  75%ы  тышкы карыз экенин унутпайлы. Мына ушундай шартта бюджеттин көрсөткүчүн арттыруу, ошону менен бирге планды толтуруу оңой иш эмес.

Бир мисал, Министрлер Кабинети мамлекеттик каражаттын эсебинен социалдык жана  инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге шаарларга максаттуу жардамдарды берип жатат. Быйылкы жылдын эсебинен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 2 млрд сом бөлүнүп берилип, бир топ долбоорлор жүзөгө ашып, шаардын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат. Эми келерки жылы Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө ар бирине бюджеттен 1 млрд сомдон бөлүп берүү каралып жатыптыр.

Келерки жылдын бюджетинин долбоору тууралуу кыскача айтканда ушундай. Бакубат бюджет, бардар жашоонун негизи экенин тана албайбыз. Ошондуктан, келечектен үмүт үзбөй, өнүгүү үчүн баарыбыз салым кошууга милдеттүүбүз. Муну дагы унутпайлы.

Шекербек КАЛЫКОВ

№79 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 3-октябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!