Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат талдоочу: «ШКУ ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУГА ЖОЛ АЧАТ»

Акыркы он жылда дүйнөлүк саясат көп өзгөрүүлөргө дуушар болуп, аймактык кызматташтык уюмдары маанилүү роль ойной баштады. Алар мамлекеттерге коопсуздукту бекемдөөгө, экономиканы өнүктүрүүгө жана эл аралык аренада таасирин күчөтүүгө жардам берет. Мындай уюмдардын бири – Шанхай кызматташтык уюму. Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылат. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев менен ШКУ жана анын Кыргызстан үчүн мааниси тууралуу баарлаштык.

– Бакыт Кушбекович, ШКУ (ШОС) кантип калыптанган жана бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясатта ролу кандай?

– ШКУнун тарыхы 1990-жылдардын аягында башталат. СССР кулагандан кийин Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кызматташуунун жаңы жолдорун издей башташкан. Башында алар “Шанхай бештиги” деп аталган. Негизги максат – чек арадагы ишенимди бекемдөө жана аймактык-коопсуздукту күчөтүү болгон. 2001-жылы Өзбекстан кошулуп, уюм расмий түрдө түзүлгөн. Андан кийин Индия, Пакистан жана Иран сыяктуу ири мамлекеттер кошулуп, ШКУ Евразиядагы маанилүү эл аралык түзүмгө айланган. Бүгүн ШКУ дүйнөлүк калктын жарымынан көбүн камтыйт жана экономикалык ресурстарга олуттуу таасир этет. ШКУ көп полярдуу дүйнөнү колдойт, экономикалык байланыштарды өнүктүрөт, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшөт. Ал ошондой эле мамлекеттерге өз ара түшүнүшүү жана ишенимди бекемдөө аянтчасы болуп берет. Ошондой эле биздин Президент бул жылкы ШКУнун жыйынында төрагалык кылат. Садыр Нургожоевич кандай гана уюмдарда төрагалык кылбасын жаңы кадамдарды жасап, жаңы реформаларды баштачу. Буюрса, ШКУнун эң чоң жана маанилүү делген кадамды биздин президентибиз баштап, уюмдун ишин илгерилетүүгө салым кошот деп ишенем.

– Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылат. Бул уюм региондогу кызматташтыкты кандай бекемдей алат?

– Төрагалык жөн эле формалдуу эмес, чыныгы мүмкүнчүлүк. Кыргызстан транспорттук коридорлорду, энергетикалык кызматташтыкты жана гуманитардык долбоорлорду демилгелеп, аймактагы өлкөлөр менен байланыштарды күчөтө алат. Борбордук Азияны ири экономикалар менен байланыштыра турган инфраструктураны өнүктүрүү абдан маанилүү. Муну менен Кыргызстан Евразиядагы ар түрдүү экономикалык мейкиндиктердин ортосунда көпүрө боло алат. Маселен, төрагалык учурунда Бишкек шаарында өткөрүлө турган саммит жана иш-чаралар аркылуу Кыргызстан аймактык демилгелерди алга жылдырууга шарт түзөт.

– ШКУ аркылуу экономикада кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот?

– ШКУ Кыргызстанга инвестиция тартууга, сооданы өнүктүрүүгө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат. Мисалы, энергетика жана транспорт долбоорлору өлкөнү транзиттик хабга айландырууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле айыл чарба, туризм жана санариптик экономика өнүгөт. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн рынокторуна жетүү кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул экономикалык өсүш үчүн шарт түзөт жана өлкөнү эл аралык аренада таанымал кылат.

– ШКУ Кыргызстанда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө кандай жардам берет?

– Бул ШКУнун негизги багыттарынын бири. Аймакта терроризм, экс-тремизм жана трансчегаралык кылмыш күчөп жатат. Мындай кырдаалда өлкөлөрдүн биргелешип аракеттениши маанилүү.

ШКУнун биргелешкен программалары, маалымат алмашуу жана машыгуулар аймакта гана эмес, Кыргызстандын ичинде да туруктуулукту бекемдөөгө жардам берет. Муну менен ШКУ жөн гана саясий платформа эмес, жамааттык коопсуздук механизми катары кызмат кылат.

– Кыргызстан ШКУ саммитинде өз позициясын күчөтүп, региондогу таасирин жогорулата алабы?

– Албетте. Эгер өлкө активдүү болуп, демилгелерди сунуштаса жана диалогдо ортомчу ролун аткарса, эл аралык аренадагы позициясын бекемдей алат. Мамлекеттин күчү экономика же армия менен гана өлчөнбөйт. Идеяларды сунуштап, өнөктөштөрдү максаттардын айланасында бириктирүү да чоң мааниге ээ.

– Чакан мамлекет катары кандай мүмкүнчүлүктөр жана чектөөлөр бар?

– Ири уюмдарга мүчө болуу чакан мамлекетке чоң мүмкүнчүлүк берет: чечимдерди кабыл алууга катышуу, экономикалык ресурстарга жетүү жана эл аралык беделди жогорулатуу. Бирок чектөөлөр да бар. Ири державалардын кызыкчылыгы көбүнчө артыкчылыкка ээ. Ошондуктан чакан өлкөлөр дипломатиялык чеберчиликти жана стратегиялык ой жүгүртүүнү көрсөтүшү керек. Аристотель айткандай, “Бүтүндүк анын бөлүктөрүнүн суммасынан чоң”. Бул идея эл аралык кызматташтыкта абдан актуалдуу.

– Баса, ШКУнун парламенттик ассамблеясын түзүү зарылбы?

– Менимче, зарыл. Азыр негизги иштер өкмөттөр аркылуу жүрөт. Парламенттик формат мыйзам чыгарууга, элдин үнүн жеткирүүгө жана демилгелерге саясий колдоо көрсөтүүгө жол ачат. Бул чечимдерди ишке ашырууну тездетет жана интеграцияны тереңдетет.

Парламенттик платформа экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты жакшыртат, коомду интеграциялык процесстерге тартат жана уюмдун ишин ачык-айкын кылат. Бул өзгөчө Борбордук Азия үчүн маанилүү.

– Айтмакчы, ШКУдан сиз Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктү көрүп жатасызбы же коркунучтубу?

– Мүмкүнчүлүк чоң, бирок жоопкерчилик да чоң. Эң негизгиси – жөн эле катышып отурбай, активдүү иш алып баруу. Ошондо гана пайда көрө алабыз. ШКУ – бул тышкы саясат куралы гана эмес, экономикалык өнүгүү, коопсуздук жана региондогу таасирди жогорулатуу мүмкүнчүлүгү.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X