Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: Кыргызстанга  жаңы доордун эшиги ачылды

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы өлкөнүн эл аралык аброюн арттырган маанилүү окуя болду. Бул мүмкүнчүлүктүн мааниси жана анын Кыргызстан үчүн артыкчылыктары тууралуу саясий серепчи Бакыт Бакетаев менен баарлаштык.

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эмнеден кабар берет?

– Бул кичинекей өлкөнүн үнү да чоң дүйнөдө угуларынан кабар берет. Паскаль айткандай адамдын улуулугу анын көлөмүндө эмес, ой жүгүртүү жөндөмүндө. Кыргызстан картада кичинекей мамлекет болсо да, ал чоң нерселер жөнүндө сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу мамлекет үчүн эл аралык аренада кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат?

– Саясатта жашоодогудай эле өз үнүңө ээ болуу гана эмес, угулууну да билүү маанилүү. Эми Кыргызстан кошумча платформага ээ болду. Демек, мындан ары айтылган ар бир сөз үчүн кошумча жоопкерчилик да жаралат.

БУУга мүчө мамлекеттердин колдоосу Кыргызстан үчүн кандай деңгээлдеги эл аралык ишенимди көрсөтөт?

– Ишеним банк эсебине окшош, ал жай топтолот жана тез жоголот. БУУга мүчө мамлекеттердин колдоосу Кыргызстанга белгилүү бир деңгээлде ишеним берилгенин билдирет. Эми эң негизгиси  дипломатиялык овердрафтка жол бербешибиз керек.

Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу Кыргызстанга глобалдык коопсуздук маселелерине таасир этүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк түзө алабы?

– Албетте, биз дүйнөнү кыймылдаткан жалгыз күч боло албайбыз, бирок айрым процесстердин багытын өзгөртүүгө салым кошо алабыз. Тарыхта кичинекей өлкөнүн акылга сыярлык үнү улуу державалардын билдирүүлөрүнөн да күчтүүрөөк чыккан учурлар көп.

Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинде кандай негизги маселелерди көтөрүшү керек?

– Эң биринчи кезекте суу, энергетика, климаттын өзгөрүшү жана аймактык туруктуулук маселелери. XXI кылымда согуштар аймак үчүн гана эмес, ресурстар үчүн да жүрөт. Кыргызстан болсо ар бир тамчы суунун жана ар бир киловатт электр энергиясынын баалуулугун жакшы билет.

Бул статус узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын өзгөртө алабы?

– Мамлекеттин кадыр-баркы адамдыкындай эмес. Айтайын дегеним, сыйлуу столго чакырылганыңыз эмес, ал жерде өзүңүздү кандай алып жүргөнүңүз маанилүү. Эгер биз акылмандык менен иш кылсак, бул тажрыйба өлкөгө узак мөөнөттүү пайда алып келет.

БУУга мүчө болуу Борбордук Азия аймагынын эл аралык саясаттагы ордуна кандай таасир этет?

– Бул Борбордук Азиянын үнүн көбүрөөк көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Тактап айтканда, дүйнө биздин аймактын стратегиялык маанисин  тереңирээк түшүнө баштады.

Кыргызстандын дипломатиялык тажрыйбасы мындай деңгээлдеги платформада иштөөгө канчалык даяр?

– Кыргыз дипломатиясы белгилүү деңгээлде өнүккөн. Биз дипломатиялык каталар үчүн өтө кичинекей, бирок дипломатиялык унчукпоо үчүн өтө маанилүү өлкөбүз. Ошондуктан тажрыйба бар жана жаңы статус бул тажрыйбаны жогорку деңгээлде сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул шайлоо жөн гана дипломатиялык жетишкендикпи же стратегиялык бурулушпу?

– Катардагы жаран үчүн бул күн байкалбай калышы мүмкүн. Бирок өлкөнүн тарыхы үчүн бул жаңы эшик ачылган учурлардын бири. Бул эшик жаңы доорду ачабы же жөн гана символдук бойдон калабы  бул бизден көз каранды.

Чынайым Кутманалиева

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X