Бакыт БАКЕТАЕВ, саясий серепчи: “ПРЕЗИДЕНТ” ТАСМАСЫ КҮЧ ЭМЕС, АКЫЛ ҮСТӨМДҮК КЫЛГАН ТАСМА

Саясат сейрек учурда гана таза адеп-ахлактын аймагы болуп калат. Көбүнчө ал оор компромисттердин, ички курмандыктардын жана коомчулук дароо кабыл ала бербеген чечимдердин мейкиндиги. Бирок дал ушундай учурларда лидердин чыныгы сапаты сыналат. Кыргызстанды, Борбордук Азияны жана глобалдык процесстерди көп жылдан бери байкап келген эксперт Бакыт Бакетаев менен “Президент” даректүү тасмасынын мазмуну, лидерлик философиясы жана регионалдык сабактар тууралуу маектештик.

– Бакыт агай, “Президент” аттуу даректүү тасма сизде кандай таасир калтырды?

– Жалпысынан купулума толду. Анткени, тасмада бир катар жабык, бирок маанилүү чечимдер ачык айтылган. Айрыкча Садыр Жапаровдун Тажикстан менен чек ара жаңжалы маалындагы сүйлөшүүлөрү кеңири баяндалганы баалуу болду.

Саясат таануучу катары мен бул тасмага жөн гана көркөм эмгек эмес, философиялык жана саясий документ катары кароону туура көрдүм. Себеби, 2021-жылдын башында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда толук масштабдуу согуш чыкпай калганы бүгүн көпчүлүк үчүн кадимки көрүнүш болуп калды. Трагедияны болтурбай, алдын алуу  адатта жетиштүү бааланбай калат.

– Ал учурда кырдаал канчалык кооптуу эле?

– Абдан кооптуу болчу. Реалдуу согуш башталуу коркунучу бар эле. Ошол мезгилде эл тарабынан жаңы шайланган жаш Президент Садыр Жапаров өтө татаал тандоонун алдында турду: бир жагынан — улуттук сыймыкты акыр аягына чейин коргоо, экинчи жагынан — адам өмүрүн сактоо үчүн жеке амбициядан баш тартуу. Ал экинчисин тандады. Бул чечим саясий да, психологиялык жактан да өтө оор. Ар бир лидер өзүнүн напсисин жеңе албайт, айрыкча президенттик кызматтын алгачкы айларында. Лао Цзы айткандай: «Ийиле билген адам тезирээк көтөрүлөт». Бул жерде маселе алсыздыкта эмес, жоопкерчиликте болду.

– Айрымдар мындай кадамды “ийилүү” катары кабыл алышы мүмкүн да?

– Ооба, ошондой кабыл алгандар болду. Маселен, чек ара чырынан кийин Президент өзү маселени согушуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечем деген позицияда Дүйшөмбүгө учуп барды. Ошол мезгилде элдин көбү «коркогунан кыргыз элинин намысын сактабай барды” деп сындагандар да болду. Турмуш чындыгында  Дүйшөмбүгө учуп барганы Президенттин көрөгөчтүгү  болду. Ал кадамы баатырдык болду деп эсептейм. Бирок саясатта кооптуу иллюзия бар: катуулук дайыма күчтү билдирет деген. Чындыгында, чыныгы күч көп учурда өзүн-өзү башкара билүүдө көрүнөт.

Садыр Жапаров атайылап алсыздык катары кабыл алынышы мүмкүн болгон кадамга барды. Бирок анын артында үч негизги максат турду: чек арадагы жоокерлердин өлүмүнө жол бербөө, чыр-чатакты согушка айландырбоо, келечекте сүйлөшүү үчүн жакшыраак мүмкүнчүлүк сактап калуу.

– Бул кадам коңшу өлкөнүн президенти тарабынан кандай кабыл алынды?

– Эмомали Рахмон бул жаңсоону жогору баалады. Натыйжада сүйлөшүүлөр күч колдонуу сценарийинен дипломатиялык нукка өттү. Бул эки лидердин тең кыска мөөнөттүү саясий упайларга эмес, узак мөөнөттүү туруктуулукка артыкчылык бергенин көрсөттү. Борбордук Азия үчүн мындай мисал сейрек кездешет.

– Демек, эки президент тең туура чечим кабыл алды деп айтсак болобу?

– Ооба. Алар ошол учурда “арстандын ролун” ойноодон баш тартышты. Тарых баш ийүүчү маанайды жактырбайт, бирок ар бир чечимге саясий философия жана эл өз баасын берет.

Эгер заманбап дүйнөдөгү көптөгөн чыр-чатактар ушундай өзүн-өзү кармоо менен чечилсе, бүгүнкү глобалдык трагедиялардын көбү болмок эмес эле. Георг Гегель айткандай: «Тарых адамдарга эч нерсе үйрөтпөгөнүн гана үйрөтөт».

– Садыр Жапаровдун бул кадамы регион үчүн сабак болдубу?

– Албетте. Бул Борбордук Азия үчүн маанилүү сабак. Ошол учурда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин ортомчулук, конструктивдүү ролун өзгөчө белгилөө керек. Чыңалууну азайтууда жана ишенимди калыптандырууда анын салымы олуттуу болду. Регион акырындык менен өз ара шектенүүдөн өз ара жоопкерчиликке өтүп жатат. Бул жай, бирок маанилүү процесс.

– Тынчтыкты сактоо үчүн сүйлөшүү жетиштүүбү?

– Жок. Тынчтык сүйлөшүү менен гана келбейт, аны коргой да билиш керек. Кыргызстандын Коргоо министрлигин чыңдоо, Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо — коркутуунун жана алдын алуунун маанилүү элементи. Бул жерде Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын, анын ичинде аскердик-техникалык колдоосу өзгөчө роль ойноду. Иммануил Кант айткандай: «Тынчтык — табигый абал эмес, аны орнотуу керек».

– Президенттин мурдагы кадамдары да эске алынабы?

– Албетте. Маселен, 2000-жылдардын ортосунда парламент депутаты болуп турган Садыр Жапаров эл аралык басымга карабай, парламенттик делегацияны Түндүк Кипрге алып барган. Бул кадам Евробиримдик тарабынан сындалган, бирок Түркияда унутулган жок. Эл аралык саясатта мындай кадамдар эстен чыкпайт.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери эң курч чек ара маселелерин XIX кылымдын күч логикасы менен эмес, XXI кылымдын жоопкерчилик логикасы менен чечсе болорун көрсөтүштү. Бул жолу Борбордук Азия согуштан гана качкан жок — ал жаңы саясий маданиятка кадам таштады. Балким, бул дүйнө үчүн эң маанилүү сабактардын бири болуп калаар.

Садык Шер-Нияз, Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси: “ПРЕЗИДЕНТ” ТАСМАСЫ – КООМ МЕНЕН БИЙЛИКТИН ИШЕНИМ КӨПҮРӨСҮ

– Акыркы чыккан “Президент” аттуу даректүү тасма сизге кандай таасир калтырды?

– Биринчиден, мындай даректүү тасмалардын чыгып турушу коом үчүн абдан маанилүү. Анткени ачык, мазмундуу жана принципиалдуу маектер коомчулук менен бийликтин ортосунда ишеним көпүрөсүн түзө алат. Эл орчундуу суроолоруна жооп алып, мамлекет менен шериктештик сезими пайда болот.

– Тасмада президенттин образы кандай өңүттөн ачылган?

– Президенттин ички сезимдери, ой-мүдөөсү, туш болгон кыйынчылыктары жана максат-тилектери жөнөкөй, түшүнүктүү тилде берилген. Бул образ көрүүчүгө расмий эмес, адамдык жактан жетет.

– Бийликтин эң татаал маселелери кандай өңүттө көрсөтүлгөн?

– Кумтөр маселеси, чек ара көйгөйү, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөш сыяктуу оор темалар курулай популисттик ураандар менен эмес, так фактыларга таянып, жайбаракат баяндалган. Дал ушундай ыкма тасманын ишенимдүүлүгүн арттырган.

– Экономика багытындагы жетишкендиктер тууралуу пикириңиз кандай?

– Экономика тармагындагы ийгиликтер, айрыкча эл аралык аренада Кыргызстандын аброю канчалык деңгээлде көтөрүлгөнү конкреттүү иш-аракеттер менен көрсөтүлгөн. Бул жалпы коомчулукту ынандыра ала турган негизги аргументтердин бири болду.

– Киночу катары тасманын көркөм жана мазмундук сапатына кандай баа бересиз?

– Мен негизи ар бир тасмага сын көз менен карайм. Бирок бул даректүү фильмдин төрт сериясын тең кызыгуу менен көрүп чыктым. Демек, ар бир мекендешибиз да тасманы аягына чейин бир дем менен көргөн болушу мүмкүн деген ойдомун.

Марс Черикчиев, активист: «ПРЕЗИДЕНТ» ТАСМАСЫ – ТАРЫХ, ИШЕНИМ ЖАНА КЕЛЕЧЕК

– Жакында эле журналист Айбек Бийбосунов тарткан 4 сериялуу «Президент»   тасмасы элге тартууланды. Бул тасма  сизге эмне берди?

– Бул тасма мага эң оболу чындыкты берди деп айтат элем. Себеби, биз акыркы жылдарда болгон окуяларды бат эле унутуп жатабыз. Айрыкча жаштар өлкө кандай оор сыноолордон өткөнүн, мамлекет кандай чечилбеген маселелер менен бетме-бет келгенин толук биле бербейт. «Президент» тасмасы дал ошол унутулуп бара жаткан чындыктарды кайра элдин эсине салган маанилүү документ болду деген ойдомун.

– Тасманын негизги өзөгү эмнеде деп ойлойсуз?

– Негизги өзөгү – жоопкерчилик деп түшүндүм. Айтайын дегеним,  көйгөйлүү болгон Кумтөр, чек ара  сыяктуу татаал маселелерди, көп жылдан бери чечилбей келген проблемалар кантип чечилгенин тасмада ачык көрсөтүшкөн. Тагыраагы, бул маселелердин артында кандай басымдар, кандай тобокелдиктер турганын тасма жашырбай берет. Мына ушуну менен ал баалуу десем болот.

– Тасманы көргөндөн кийин бийликке болгон ишеним күчөдүбү?

– Ооба, ишеним күчөдү. Себеби, тасмада сөз эмес, иш көрсөтүлгөн. Президент бийликке келгенден бери Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер менен мамиле калыбына келип, андан ары дүйнөлүк деңгээлде да байланыштар жанданды. Кыргызстан изоляциядан чыгып, диалогго, кызматташууга багыт алганын бул тасма так чагылдырды. Мунун баары менин эле эмес, көпчүлүктүн ишенимин жогорулатты деп ойлойм.

– Экономикалык багытта кандай тыянак чыгардыңыз?

– Экономикада өсүш бар экени жашырылган жок. Инвестициялык долбоорлор, курулуштар, энергетика жана туризм тармагындагы ири пландар – мунун баары конкреттүү мисалдар менен берилди.  Экономиканын 10%га өсүшү, ИДПнын жогорулашы – бул саясаттын натыйжасы экенин тасмада даана көрсөттү.

– Келечек муун үчүн бул тасманын  кандай мааниси бар?

– Бул тасма келечек муун үчүн сабак. Акыркы 5 жылда мамлекет кандай жолду тандаганын, кандай кыйын чечимдер кабыл алынганын көрүп, тарыхтан тыянак чыгара турган материалдарга бай. Эл бүгүн көрүп жатат, бирок эртеңки муун да билиши керек.

– Тасмада көрсөтүлгөн бийликтин образы реалдуубу?

– Реалдуу. Садыр Нургожоевичтин жана Камчыбек Кыдыршаевич баштаган команданын иштөө стили – жаңы темп, жаңы жоопкерчилик. Эл үчүн, мамлекет үчүн жүрөк күйүп иштеш керек экенин көрсөтүп беришти. Бул – азыркы кыргыз коомунун чыныгы жүзү.

– Жыйынтыктап айтканда, «Президент» тасмасы коом үчүн пайдалуу болдубу?

– Бул тасма – тарыхый документ, саясий баа жана коом үчүн сабак. Ал бийлик менен элдин ортосунда ишенимди бекемдейт. Эң башкысы – бул жасалган иштердин башаты гана. Алдыда дагы чоң долбоорлор, чоң жоопкерчилик турат. Бул темп менен иштешесе, буюрса, мындан да чоң ийгиликтерди багындырат деп ишенем.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X