Бакыт Сыдыков: Кыргызстан 2030-жылга чейин туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоону көздөйт

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) Бизнес-форумунун алкагында өткөн экономика жана коммерция министри аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Алматы шаарында өткөн иш-чара ЕӨБдүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналды. Форумга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов да катышты.

Министр өз сөзүндө Кыргызстан «Евразия 2030+» күн тартибин ишке ашырууга жогорку экономикалык көрсөткүчтөр менен кирип жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары өлкөнүн ички дүң продукциясынын орточо жылдык өсүшү 9,2%ды түзсө, 2026-жылдын январь–май айларында экономика 12,2%га өскөн.Возможно, это изображение помост и текст "YRS PKO4TAЛ nO4TACbl KblPrbl3 Eurasian Development Bank UEPEMoHИR rAWEHИR nO4TOBOй MAPKИ, BblnyWEHHOЙ K 20-ЛETИЮ EBPA3ИЙCKOrO 6AHKA PA3BИTИR c OAO "KblPrbl3 nO4TACbl" POSTAGE STAMP CANCELLATION CEREMONY MARKING THE 20TH ANNIVERSARY OF THE EURASIAN DEVELOPMENT BANK, HELD WITH JSC KYRGYZPOST H2 DND ..50 0I 一一 ......... ----"

Бакыт Сыдыков Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы жыл сайын кеминде 8% деңгээлде туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоону максат кыларын билдирди.

«Биздин башкы милдетибиз — жетишилген өнүгүү темптерин сактап, 2030-жылга чейин жыл сайын кеминде 8% деңгээлде туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу», — деди министр.Возможно, это изображение текст "MEER i 3 Annual Meeting & Business AnnualMeeting&BusinessForum Forum Eurasian Eurasian Development ank 25-26June 25-26June2026,Almaty June 2026, Almaty YRS Eurasian Development DevelopmentBank Bank TBUE III nИЛИИHИИK AL"

Ал негизги артыкчылыктуу багыттар катары өлкөнү индустриалдаштыруу, Кыргызстанды соода, логистика жана транзиттик борборго айландыруу, айыл чарба менен туризмди өнүктүрүү жана жашыл энергетиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу багыттарын атады.

Министр белгилегендей, бул максаттарга жетүү үчүн ири инвестициялар жана узак мөөнөттүү каржылоонун натыйжалуу механизмдери зарыл. Бул багытта ЕӨБ сыяктуу эл аралык өнүктүрүү институттары экономикалык өзгөрүүлөрдү колдоо жана региондук интеграцияны күчөтүүдө маанилүү өнөктөш болуп саналат.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Жыйынтыгында Бакыт Сыдыков Кыргызстандын улуттук өнүгүү программалары, ЕАЭБдин интеграциялык мүмкүнчүлүктөрү жана ЕӨБдүн инвестициялык ресурстары биргелешип Евразия аймагында узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X