Бакыт Сыдыков: Кыргызстан ШКУда соода жана инвестицияны кеңейтүүдө

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 280

Бакыт Сыдыков Бишкекте өткөн «Ala-Too Trade & Industry Expo 2026″ ачылышында сүйлөп жатып, Шанхай кызматташтык уюму  дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 35 пайызын түзгөн ири экономикалык мейкиндикке айланганын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУга мүчө өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өскөн. Министр учурда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү өзгөчө мааниге ээ болуп жатканына токтолду.

Сыдыков көргөзмөгө ШКУ өлкөлөрүнүн 90дон ашуун ири өнөр жай компаниясы катышып жатканын айтып, бул иш-чара бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик түзүмдөр жана инвесторлор ортосунда түз диалог түзүүгө маанилүү аянтча экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал көргөзмөнүн жыйынтыгында жаңы өнөктөштүктөр түзүлүп, инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейет деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X