Бакыт Сыдыков түрк тарап менен жашыл энергетика жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

13-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 176

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, министр Бакыт Сыдыков түрк компаниясы RHOFA Energyнин директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Министр акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясынын орточо өсүшү 10,2 пайызды түзгөнүн белгилеп, өлкөдө жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Анын айтымында, Кыргызстан RHOFA Energy компаниясынын инвестициялык долбоорлорун колдоого даяр.

Өз кезегинде Хазрети Акдемир Кыргызстандагы экономикалык өсүш түрк бизнес өкүлдөрүнүн кызыгуусун арттырып жатканын белгиледи. Ал 100дөн ашуун түрк ишкерлеринин Кыргызстанга сапарын уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды активдештирүү жана эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын чыңдоо боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X