Бакыт Сыдыков Wildberries менен кыргыз ишкерлеринин чыгымын талкуулады
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасындагы Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү А. Воробьев менен жолугушуп, Москва облусундагы логистикалык борборлорго жасалган дрон чабуулунан жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин маселесин талкуулады.
Белгилүү болгондой, 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын кампаларына учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасалып, анын кесепетинен кампаларда товарлары сакталган Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү да чыгымга учураган.
Жолугушууда Wildberries-Russ компаниясы учурда келтирилген зыянды аныктоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Анын алкагында жабыркаган кампалардын көлөмү такталып, кампалардагы бардык товарларга, анын ичинде кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн продукцияларына инвентаризация жүргүзүлүүдө.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, баалоо иштери аяктап, компаниядан расмий маалымат алынгандан кийин эки тарап кошумча жолугушууларды өткөрүп, келип чыккан маселелерди чечүү жана биргелешкен механизмдерди иштеп чыгат.
Ошол эле учурда министрлик ата мекендик тигүүчүлөрдүн алдын ала тарткан чыгымын аныктоо үчүн маалыматтарды чогултууну баштады. Мындан тышкары, Wildberries-Russ компаниясы менен биргеликте жоголгон товарлардын так көлөмүн аныктоо жана келтирилген зыянды толук баалоо боюнча иштер уланууда.