Бакыт Төлөгөнов Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болду

18-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп Бакыт Төлөгөнов дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасын жетектеп келген.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын мурунку жетекчиси Мирбек Сагынбаев 6 ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу фактыны тергөөнүн алкагында кызматтан бошотулган. Ымыркайлар 2023-жылдын башында Каарколдогу төрөт үйүндө көз жумган.

Ал эми Улуттук госпиталдын мурунку башкы дарыгери Токтобай Маанаев коррупциялык жолдорду уюштурууга шектелип кармалган болчу.

18-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X