Бакыт Торобаев Каракол – Эңилчек жолунун курулушун жеринен текшерди
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев Президенттин тапшырмасынын алкагында Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин графикке ылайык аткарылышын, жол курулушунун сапатын, ошондой эле курулуш объектисин керектүү материалдар жана атайын техника менен өз убагында камсыздоо маселелерин каралды.
Подрядчы уюмдардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн маалыматын угуп, долбоорду белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай сапатта бүткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Каракол – Эңилчек унаа жолу Ысык-Көл облусунун транспорттук байланыштарын жакшыртууда, алыскы калктуу конуштардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жана аймактын туристтик-экономикалык потенциалын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ болгон стратегиялык долбоорлордун бири болуп саналат.
Министрлик тарабынан бул долбоордун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы туруктуу көзөмөлдө болот.