Бакыт Төрөбаев өнөр жай парктары боюнча жыйын өткөрдү

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өнөр жай аймактары жана индустриалдык парктар боюнча жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө боюнча өнөр жай аймактарын жана индустриалдык парктарды өнүктүрүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктуралык даярдыгын камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл Чүй облусунда түзүлүп жаткан өнөр жай аймагынын калыптануу иштерине бурулуп, аталган аймакта инвесторлор тарабынан пландалып жаткан жана ишке ашыруу алдында турган инвестициялык долбоорлор кеңири талкууланды.

Жыйынга бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана өнөр жай аймагында долбоорлорду ишке ашырып жаткан инвесторлор катышты. Анда долбоорлорду жүзөгө ашыруунун учурдагы этаптарында жаралган көйгөйлөр, анын ичинде инфраструктуралык камсыздоо, мамлекеттик органдар жана ресурс менен камсыздоочу уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелери көтөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга өнөр жай аймагынын мындан аркы өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди ыкчам тартипте иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X