Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында ири инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында Бишкек–Ош автожолундагы Куршаб айылында айланма жолду жана заманбап Ош–Манас автожолун куруу, ошондой эле Кара-Суу районунда өнөр жай зонасын түзүү жана «Ынтымак» өткөрүү пунктун модернизациялоо боюнча пландар каралды.
Бакыт Төрөбаев ошондой эле “Ынтымак” көзөмөл-өткөрүү пункту менен таанышты, анда жук ташуучу унаалар үчүн электрондук кезекке туруу системасын ишке ашыруу, төрт тилкелүү жол куруу жана мамлекеттик контролдоо органдарынын ишин «бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде уюштуруу пландалууда.
Отурумдун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну камсыздоо жана ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.