Бакытбек Жетигенов Ак-Терек айылында жолугушуу өткөрүп, элдин көйгөйүн укту
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов бүгүн Ак-Терек айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, элдин көйгөйлөрүн укту. Жолугушууда айыл тургундары ичүүчү таза суу, сугат суу, ирригациялык резервуарлар, жер маселелери, жол жана башка инфраструктуралык көйгөйлөр, ошондой эле социалдык тармактагы маселелерди көтөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бакытбек Жетигенов ар бир кайрылууга көңүл буруп, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө жеринде тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.