“БАЛА БЕРЕКЕ” ТӨЛӨМҮ КҮЧҮНӨ КИРДИ

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 241

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып Президенттин “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыгы күчүнө кирди. Бул төлөмдү Кыргызстандын шарты катаал, бийик тоолуу, барууга оор болгон аймактарда туруктуу жашаган энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөп, алар бир жашка толгондо алат.

Кылым карыткан элибиздин катарын калыңдатып, журтубуздун канатынын калдайып жайылышын шарттаган өтө жакшы саамалык башталды. Президент Садыр Жапаров аталган жарлык боюнча буга чейин маалымат берип, элибиздин демографиялык абалына токтолуп, бийик тоолуу шарттарда жашаган энелерди колдоого аларын билдирген.

“Бизди мамлекеттин демографиялык маселелери дагы ойлондурбай койгон жок. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын калкы улгаюу тенденциясына өткөндүгү – биз үчүн чоң коңгуроо! Бул багытта “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала – береке” төлөмү жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Биз мындай аракеттерибиз менен калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерди колдоого алабыз” деген Өлкө жетекчиси.

Демография – жөн гана статистика эмес, бул коомдун келечегин аныктоочу күч. Анын негизинде өлкөлөр мамлекеттик саясатты жүргүзүп, калктын курамы, саны, төрөлүү, каза болуу жана миграция процесстери коомдук абалга таасир этүүчү негизги факторлор болуп саналат. Кыргызстан үчүн демографиялык өзгөрүүлөр – экономикалык өнүгүүнү жана келечектеги мамлекеттик чечимдерди аныктоочу стратегиялык фактор болуп саналат. Андыктан, бул индикаторду ар дайым эске алып жүрүү зарыл.

“БАЛА БЕРЕКЕ” КИМДЕРГЕ БЕРИЛЕТ?

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге берилет. Бир жолку төлөмдү көп балалуу энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөп, алар бир жашка толгондо алат. Жарлыкка ылайык, 4-баласы төрөлсө – 100 миң сом, 5-баласына – 600 миң сом, 7-баласына – 1 млн сом, 8-баласына – 1 млн 200 миң сом, 9-баласына – 1 млн 500 миң сом, онунчу жана андан кийинки баласын төрөсө – 2 млн сом берилет. “Бала береке” бир жолку төлөмүнүн эң негизги шарты – бийик тоолуу, барууга кыйын болгон аймактарда туруктуу жашоо керек. Арыз берген күнгө чейин жаран ошол аймакта эки жыл жашашы зарыл.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартова түшүндүрмө берип: “Бул бир жолку төлөм бала бир жашка чыкканда төлөнүп берилет. Мисалы, эне 4-баласын быйыл төрөсө, төлөмдү алуу укугуна бала бир жашка толгондо ээ болот. Ошондо 2027-жылдын 1-январынан баштап арыз менен кайрылышы керек. Арыз берүүнүн мөөнөтү да бар. Бала бир жашка чыккандан баштап 6 айдын ичинде арыз берилиши зарыл. Алты айдан өтүп кетсе, арыздар алынбайт жана бир жолку төлөм төлөнбөй калат. Ошол үчүн бала 1 жарым жашка чыккыча арыз берип жетишип калышы шарт. Акча каражаты арыз берген жарандын банктык эсебине которулат” деп белгиледи.

Арыз берүүчү тийиштүү документтерди топтошу кажет. Атап айтсак, баланын апасынын паспорту (же кайрылман күбөлүгү), балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, аймакта туруктуу жашагандыгын тастыктаган документтер жана банктык эсептин номери керек. Болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып 11 миң балага “Бала береке” бир жолку төлөм берилет.

Эгерде үй-бүлөдө үч бала болсо, андан кийин эгиздер жарык дүйнөгө келсе, эгиз балдар төртүнчү жана бешинчи бала деп эсептелет. Ошондо бул балдарга төртүнчү жана бешинчи балага каралган бир жолку төлөм берилет. Төртүнчү балага — 100 миң сом, ал эми бешинчи балага 600 миң сом каралат. Бардыгы болуп 700 миң сом берилет. Үч эм төрөлсө да ушундай тартипте эле төлөм эсептелет.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда азыр жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады.

Зулпукаар Сапанов

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 241
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X