«Бала ырысы» ишке кирет. Мамлекет балдардын келечегине 6,4 млрд сом инвестициялайт
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» универсалдуу жөлөкпул программасына арналган маалымат жыйыны өттү. Иш-чарага министр Канат Сагынбаев, Саламаттык сактоо министрлигинин, ЮНИСЕФтин, «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Министр Канат Сагынбаев белгилегендей, программа 2026-жылдын 1-июлунан тартып ишке кирип, үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
«2026-жылдын 21-майында Президент “Бала ырысы” универсалдуу жөлөкпулун киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул эрте жаштагы балдарды тарбиялап жаткан бардык үй-бүлөлөр үчүн олуттуу колдоо болот», — деди министр.
Маалыматка ылайык, өлкөдө үч жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейин бала жаңы жөлөкпулду алууга укуктуу. Программаны каржылоого мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлөт. Анын ичинен 2026-жылы, программа жарым жыл иштей тургандыктан, 3,1 миллиард сом каралат.
Жөлөкпул дайындоо процесси толугу менен санариптик негизде жүргүзүлөт. Керектүү маалыматтар «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу алынат. Бул жарандардын документ топтоо түйшүгүн азайтып, кызмат көрсөтүүнүн ылдамдыгын арттырат.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа жаңы демилге балдардын өнүгүүсүнө жана өлкөнүн адамдык капиталын чыңдоого багытталган маанилүү инвестиция экенин белгиледи.
Маалымат жыйынында «Түндүк» мекемесинин өкүлдөрү мобилдик тиркеменин мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, ата-энелер жөлөкпул алуу үчүн арызды электрондук форматта бере аларын маалымдашты.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү баланын жашоосундагы алгачкы 1000 күндүн маанисине токтолушуп, бул мезгил ден соолуктун, интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүнүн пайдубалы түптөлөрүн белгилешти.
Белгиленгендей, «Бала ырысы» программасы Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына шайкеш келип, балдарга жана жаштарга инвестиция салуу аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.